Кыргызстанда "төрөлгөн" "Город 312" тобу 25-сентябрда кичи мекени Бишкек шаарынын туулган күнүнө келип, концерт берери айтылууда. Бул тууралуу маалыматты топтун бул жактагы өкүлү Дмитрий Курашов билдирген. Ал шаарыбыздын мэриясы тарабынан чакыруу алышканын жана концерт "Ала-Тоо" аянтында боло турганын кошумчалап кетти. Буюрса, гезитибиздин кийинки сандарында бул топ менен болгон маекти тартуулайбыз.