"Тамашоунун" 4-сезонунда чемпион аталган "Ак кеме" командасы 16-сентябрда болчу жеке концертинин камында чуркап жүрүшөт. Эске салсак, команда 2008-жылы түзүлүп, көптөгөн күйөрман күтүүгө жетишкен. Бизди Эркиндин эмне себептен "ЧЕЗ" командасын таштап "Ак кемеге" кошулганы кызыктырып, суроо салганбыз. Көрсө, "ЧЕЗ" 4-сезонго катышпай турганын билдиргенде ал "Ак кемеге" өтүптүр. Бирок команда кайра эле ойноп калбады беле... Бул боюнча "Ак кеме" командасынын капитаны Жаныш "ЧЕЗде" баары эле окшош болуп жүрө беришчү. Эркин биздин командадан өз ордун тапты" деген оюн айтты.