"МУЗ ДООРУ" БИШКЕКТЕ!

Бах чиркин, муз үстүндө чимириле бийлеген адамдарды карап отуруу кандай сонун! Мурун сыналгыдан көрүп суктансак, эми 10-майда “живой” көрүүгө мүмкүнчүлүк бар. Шаарыбызга «Муз доорунун» катышуучулары өз өнөрлөрүн көргөзүүгө келишет. Ал эми бүгүнкү саныбызда Бишкекке келе турган жылдыздар Роман Костомаров, Татьяна Навка тууралуу кыскача маалымат. Ал эми жылдыздар өлкөбүзгө келген соң биздин гезиттен алардын эксклюзивдүү интервьюсун окуй аласыздар.

Жылдыздар кайрымдуулук максатында Бишкекке келишет

Жаркыраган май айынын онунда Бишкек шаарына “Муз доорунун” катышуучулары келишет. Маалыматка караганда мыкты номерлерин даярдап жаткан муз үстүндөгү бийчилер да бул күндү чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Бул тууралуу Орусия жылдыздарынын келүүсүн камсыз кылган уюштуруучулардын бири, “Балдар жүрөгү” коомдук фондунун жетекчиси Олег Казаков билдирди.

– Саламатсызбы, Олег мырза! Орусиянын муз үстүндө бийлеген жылдыздарын Кыргызстанга алып келүү идеясы кандайча пайда болду?
– Балдар биздин келечегибиз болгондуктан, алардын кең келечеги мени терең ойлонтот. Мүмкүнчүлүгү аз, майып, ата-энеси таштап кеткен же жетим балдарга майрам тартуулап оюн жана спорт аянтчасын куруп бергим келет. Ага, албетте, каражат керек дегендей... Ойлонуп жүрүп “Муз доорунун” катышуучуларын Бишкекке алып келсем, түшкөн каражатка көздөгөн максатымды аткарар белем деп ойлондум. Бул оюм тууралуу жогорудагы айтылган долбоордун машыктыруучусу Илья Авербухка сунуштасам, ал “балдар үчүн эч качан каршы болбойбуз” деп макулдугун берди.
– Долбоордун катышуучулары көп эмеспи. Бишкекке кайсы жылдыздар келишет?
– Муз үстүндөгү бийчи жылдыздардан – Т.Навка, Р.Костомаров, И.Слуцкая, А.Ягудин, Т.Тотьмянина, М.Маринин, М.Петрова, А.Тихонов, М.Дробязко, П.Ванагас, ал эми шоу-бизнес жылдыздарынан - М.Башаров, В.Ланская, К.Алферова, В.Калганов, Д.Миллер келишет.
Шоу кайсы жерде болот жана билет баасы канча турат?
– Жылдыздар өз өнөрүн Бишкек шаарындагы “Городской катокто” көрсөтүшөт. Ал жерде 500 орун гана бар. Бүгүнкү күндө дагы отургучтардан коёлу деп жатабыз. Ал эми 1 билеттин баасы 10 миң сом турат.
– Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дагы бул шоуну көрө алабы?
– Албетте, көрүшөт. Бүгүнкү күндө бул маселе такталып жатат. Ал эми жылдыздар ошол балдар менен шоу аяктаган соң фотосессия жасашып, мастер-класс өтүшөт.
– Балдар сиздин бул демилгеңизди угуп, бактылуу болуп жатышса керек...
– Канчалык деңгээлде өздөрүн бактылуу сезип жаткандарын билбейм. Бирок аларды чыдамсыздык менен күтүп жаткандарын байкадым. Кызыгы, алар өздөрүнүн кичинекей белектерин да даярдап жатышат.
– Ойлогон максатыңыз ишке ашсын.

Татьяна Навка
Туулган жылы – 1975 -жыл, 13-апрель
Туулган жери – Украина,
Днепропетровск шаары
Муз тебүүдөгү шериктери – 1993-1998-жылга чейинки шериктери Николай Морозов жана Самвел
Гезалян. 1998-жылдан баштап Роман Костомаров менен муз үстүндө бийлеп келет.
Үйбүлөлүү – Александра аттуу кыздын энеси, жолдошу Орусиянын Эмгек сиңерген спортчусу жана машыктыруучусу Александр Жулин.

Навка спортто жана жеке жашоодо

Татьяна Навка 5 жашынан бери муз үстүндө бийлеп келет. Навканын бүгүнкү ийгилигине машыктыруучу Наталья Дубованын салымы чоң.
Жолдошу Александр Жулин менен 17 жашында Москвага жаңы келгенде таанышкан. Бирок ал кезде Жулин муз үстүндөгү бийчи Мая Усова менен жашап жаткан. Дубованын окуучулары Мая менен Саша ал кездеги эң популярдуу муз үстүндөгү бийчилер эле. Көп өтпөй Дубова Навканы да ийгиликке жана популярдуулукка жеткирет. Ошондо машыктыруучу өзүнүн мыктылардын мыктысы деп саналган окуучулары Жулин, Усова жана Навканы АКШны көздөй алып жөнөйт. Чындыгында эле окуучулары машыктыруучусу күткөндөй ийгиликтерге жетишет. Көптөгөн сынактарды жеңишип, алтын-күмүш медалдарга оролушат. Жумушу ийгиликтүү болгону менен таттуу түгөй болуп саналган Мая менен Сашанын ортосундагы мамиле муздай баштайт. Мүмкүн, буга себепкер Таня болгондур... Бул тууралуу так маалымат жок.
Кийинчерээк Александр менен Татьянанын ортосунда ыйык сезим пайда болуп бири-бирин жактырып калышат. Экөө 7 жыл жарандык никеде жашашып, 2000-жылы расмий түрдө баш кошушат. Ошол эле жылы жылдыздар Александра аттуу кыздуу болушат.

xxx

АКШнын Нью-Жерси штатында күнүмдүк турмушун тынч өткөрүп жаткан Жулиндин үйбүлөсүн кесиптеши Илья Авербух бузат. Тагыраак айтканда, Навкага “Жылдыздар муз үстүндө” теледолбооруна катышууга сунуш кылат. Татьяна сунушка макулдугун берип, үйбүлөсү менен Москвага учуп келет.
Теледолбоордо жүргөндө Татьянанын артынан көптөгөн ушактар коштолду. Мисалы, алардын бири муз үстүндөгү шериги Марат Башаров менен жакын мамилесинин бар экендиги. Бирок бул ушактарга Навканын жолдошу Жулин ишенгиси келбейт. «Жылдыздардын артынан ар кандай ушактар коштолуп келген жана келе берет» деп коёт.

Роман Костомаров
Туулган жылы – 1977-жыл, 8-февраль
Туулган жери - Орусия, Москва шаары
Муз тебүүдөгү шериктери –Татьяна Навкага чейин Екатерина Давыдова, Анна Семенович
Билими – Москва мамлекеттик академиясынын дене тарбия бөлүмүн бүтүргөн. Спорттун муз үстүндө бий боюнча Эмгек сиңирген чебери. 13 алтын, 6 күмүш, 4 коло медалдарынын ээси

Костомаров спортто жана жеке жашоодо

Роман Костомаров “москвич” экендигиненби же жолдуу болгондугунанбы, айтор, муз үстүндө ийгиликке кыйынчылыксыз эле жеткен. Кыйынчылыксыз, дегенибиз, эч кандай бут тосууларга жолукпай эле спортко келген. Себеби Романдын айтуусунда бул чөйрөдө иштеген ар кандай кара мүртөз адамдар бар. Бирок алар Романга тийише алган жок. 9 жашынан муз бийин сүйүп, келечек жашоосун ушул чөйрөгө байлоону чечкен Роман тилегине бүгүнкү күндө жеттим деп айта алат.
Машыктыруучу Наталья Линичуктун сунушу боюнча олимпиадалык циклга келишим түзүп, АКШга кетет. Ошол жерден Костомаров Навка менен шерик болуп, чогуу бийлеп баштайт. Роман Татьяна менен 1 жыл чогуу иштеген соң ортодо машыктыруучусу Линичук муз үстүндөгү бийчиси Анна Семенович менен шерик кылып коёт. 1999-2000-жылдары Роман менен Анна Орусиянын чемпионатында күмүш медалдын ээси болушат. Бирок 1 жыл ичинде шериктердин ортосунда бири-бирин түшүнбөстүктөр болуп, ортодогу келишпестиктерден улам тарап кетишет. Роман кайра эле Татьянага барып, экөө чогуу иштеше башташат. Бул ирет экөөнүн машыктыруучусу Александр Жулин болот.
2004-жылдан бери Роман Орусиянын муз бийчиси Юлия Лаутова менен жашап келет. Бүгүнкү күндө чыгармачыл адамдар бири-бирин терең түшүнүшүп, бактылуу кол кармашып келүүдө.

XXX

Роман муз үстүндөгү шериги Татьяна менен көп урушат. “Танюша экөөбүз бири-бирибизди катуу тилдеп салган күндөр да болгон. Мисалы, ал дайыма машыгууга 10-30 мүнөт кечигип келет. Буга мен жиним келип кыйкырам. Бирок шеригим дайыма кырдаалдан өзүн алып чыгууну билет. Ошондуктанбы, айтор, экөөбүз бири-бирибизди сыйлап, түшүнүп иштеше алабыз. Жумуштагы мамилебиз биздин достугубузга эч кандай таасирин тийгизбейт. Биз жакшы достордонбуз”, - дейт Костомаров.
Канчалаган жылдан бери муз үстүндө түгөй болуп келишкен Костомаров менен Навканын ортосунда эч кандай сезимдер же жылуу мамилелер болгон эмес. Себеби Танянын сүйгөн күйөөсү Саша, Романдын Юлиясы бардык жактан жөлөк-таяк болуп келе жатышат.

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 338, 24-30-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан