Таланттуу режиссёр Эрнест Абдыжапаров КМШ өлкөлөрүнүн "Киношок-2012" фестивалынын калыстар тобунун тизмесинде. Режиссёр фестивалдын алкагында жүргөн толук метраждуу фильмдерге баа берүү боюнча калыстардын катарына кошулган. Биз үчүн бул кино жаатында чоң жетишкендик десек болот.
Фестивалга Кыргызстандан 9 фильм ат салышканы барат. Арасында Эрнест Абдыжапаровдун "Күкүк Шахра" тасмасы да бар. Толук метраждуу фильмдерден режиссёр Эркин Салиевдин "Ханбийке Назик" фильми көрсөтүлмөкчү. Ал эми фестивалдын ачылышында Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасы көрсөтүлөрүн баса белгилей кетпесек болбос.
Эске салсак, фестиваль 15-23-сентябрь күндөрү Орусиянын Анапа шаарында өтмөкчү. Анда ийгилик, кыргызстандык кино жаратуучулар!