Маркум Мелис Эшимканов тирүү болгондо быйыл 50 жашка чыкмак. Анын урматына 8-сентябрь күнү Мелис Эшимканов атындагы фонд журналисттер менен маданият ишмерлеринин арасында бильярд жана шахмат оюндары боюнча таймаш өткөрдү. Анда кыз-келиндер арасында финалга чыккан 5 бийкечтин ичинен ырчы Гүлнур Асанова эч кимди алдына салган жок. Жеңүүчү аталып, атайын диплом жана 5 миң сом акчалай сыйлык алган ырчы кубана былтыр да бул таймашка катышып, 3-орунду алганын айтты.