“Министрдин кызынын махабаты” тасмасында ачык кадрларга тартылып жүзү таанылган Зина эсиңизде чыгар. Ошол актриса Роза Азимбаева "тасмадагы ролум үчүн бузулган кыз деген атка кондум" деп бизге ачык маек куруп берди.
Туулган жылы – 1986-жыл, 18-май
Туулган жери – Жалал-Абад шаары
Тартылган тасмалары – "Министрдин кызынын махабаты-1-2", "Мен кыргызмын. А сизчи?..", "Мен сүйгөн карагат", "Жашоо кыска" жана "Соолуган карек" кыска метраждуу фильми
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
– Салам, Роза. Тасмадан жүзүң таанылып, кайра көрүнбөй кеттиң да...
– Салам. Тасма талаасынан кетпей элемин. Жакында эле “Мен кыргызмын. А сизчи?..” аттуу тасмада жеңил ойлуу эмес, намысын сактаган, күчтүү кыздын ролун жараттым.
– Актрисалык тушооң кесилген “Министрдин кызынын махабатына” кандайча тартылып калгансың?
– Бул тасмага ойдо жок жерден эле тартылып калгам. Апам менен иним “Супер-Инфо” гезитинин фанаттары да, бир да санын калтырбай окушат. Бир жолу үйгө кирсем, апам адатынча гезит окуп отуруптур. Анан мага кайрылып, “тасмага тартылууга кастинг жарыяланыптыр. Барып көрбөйсүңбү, балким, өтүп кетесиң...” деп калды. Апамдын суранычын четке какпай барып, 63төй кыздын арасынан тандоодон өтүп кеттим. Ошентип, кино жаатына алгачкы кадамымды жасадым.
Ал кезде КМКТАУда менеджменттикке окуп жаткам. Бирок мектепте окуп жүргөндө эле актриса болууга, ырчылыкка кызыгып, бир топ ролдорду жараткам. Ошол кезде эле чыгармачыл чөйрөдөн ордумду табам деген максатым бар болчу. Мектепти аяктап, консерваторияга тапшырайын десем, атам “кыз бала артист болбойт” деп таптакыр каршы чыккан. Атамдын сөзүнө каршы тура албай, ал кыялыма чекит коюп койгом.
– Кайра кантип чыгармачылыкка аралашып калдың?
– Биринчи тасманы жараткандан кийин деле актрисалык кесипти алып кетүү тууралуу оюм жок болчу. Бир жолу Куурчак театрында иштеген Зуура деген актрисага жолугуп калсам, ал “сенин талантың бар, талантты бекер кетирбей, окууга тапшырып кой” деп сунуш киргизди. Ошондо ойлонуп, анан Кыргыз драма театрынын алдындагы студияга тапшыргам. Андан кийин бир топ эле тасмаларда эпизоддук ролдорду жараттым.
– Ошол тасмада кыргызга өөн учураган эротикалык сценаларды аткарып, катуу сынга илинген элең...
– Ооба, негизи, мен кино жаатында ачылыш жасадым. Ачык сценаларды мен баштагам дебейминби, ха-ха. Азыр мындай ачык сценалар камтылган тасмалар көбөйүп кетти. Өөн деле учурабай калды. Тасмага тартыларда сценарий менен таанышып чыккам. Бирок башында андай эпизоддор ич көйнөкчөн эле аткарылат деп сүйлөшүлгөн болчу.
– Анан образга кирип кеттиңби?
– Тартуу учурунда көп жери өзгөрүп кетти. Үйдөгүлөргө бул тууралуу айткан эмесмин да. Апам бет ачарына келип, унчукпай көрүп отурду. Анан сыртка чыкканда мени жаман карап, “шашпай тур, үйгө барганда сүйлөшөбүз” деген. Башында кинонун режиссёрун сотко берем деп чыкты. “Апа, бул менин өзүмдүн макулдугум менен болду” деп жатып араң токтотсом, “эми сени ким алат, шерменде?!” деп аябай жаман болгон. “Апа, ал жерде баары эле чын болбойт, монтаждалат да” десем деле болбой “кыргыздын эркектери түшүнмөк беле?!” деп урушкан. Эмне дээримди билбей, “апа, кыргыздар албаса, орустар деле бар го” деп тамашалап жоошутуп коём...
Тасмадан кийин мени көргөн-билгендер “бул өзү бузулуп кеткен кыз, ошон үчүн ушундай роль аткарды да” деп айтышса, дагы бири чыныгы Зинаны көргөндөй мамиле жасашчу.
– Атаң тараптын реакциясы мындан да күчтүүрөөк болсо керек?
– Ата-энем 1993-жылдан бери эки бөлөк турушат, бирок катташабыз. Бир жолу иним экөөбүз элдештиргенбиз, тилекке каршы, болбоду. Апамды ала качып кеткендиктен, сүйбөй эле жашап калган экен, балким, ошондон улам экөөнүн оту күйүшпөй калдыбы...
Атам чыгармачылыктан алыс адам, тасманы көрбөсө деле керек.
– Кийин да ушундай ролдорго сунуш түштүбү?
– Көп эле сунуш түштү, бирок андан кийин эротикалык кадрлары бар киного тартылууга өзүмө тыюу салгам. Баягы уу-дуу ушактарды, чучугуңа жеткен сөздөрдү укканда кой дейт экенсиң. Анан да ал кезде 20 жашта, көп нерсени түшүнбөгөн өрт кезимде тартылып калыптырмын. Азыр ойлосом, жылаңач денемди чакан чөйрө көрсө бир жөн, анан бүткүл кыргыздын мырзаларына көрсөтүш аябай чоң күнөө экен.
– Бир учурда “динге катуу берилип, хиджаб кийип калды” деп айтышты эле...
– Орозо учурунда мечитке ачык кийинип барбайсың да, ошого хиджаб кийип барчумун. Хиджабчан сүрөтүмдү социалдык желелерге жүктөгөм. Аны көргөндөр ушундай сөз чыгарышыптыр. Беш маал намаз окуйм, бирок хиджаб кийбейм, анткени менин кесибиме туура келбейт.
– Жеке жашооңду билсек болобу?
– Буга чейин бир жигит менен мамиле түзгөм, азыр башым бош. Чыныгы сүйүүгө кабылсам деп жүрөм.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg