15-августтан 24-августка чейин ШКУ программасы өткөргөн иш-чарага катышуу үчүн жана Жаштар, эмгек жана жумушка орноштуруу министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын жаштарынын атынан Кытай жергесине бардык. Өзгөчө меймандостук, сый пикир алмашуулар тууралуу айта берсек сөз көп. Кепти узартпай, бул жолу Кытайдагы жарды аймак тууралуу жана Үрүмчүдөгү кытайлык кыргыздар жөнүндө баяндап кетүүнү туура көрдүм.
ТУМАНДУУ ПЕКИН
Сөз жок, Пекин шаарынын кооздугу укмуш... Асман тиреген үйлөрү, кооз имараттары, кыйма-чийме, үстү-үстүнө көпүрө болуп курулган жолдору менен эсте калды. Көпүрөлөрдү санап, жети кабат экенин байкадым. Коштоп жүргөндөрдүн айтуусунда, Пекин шаарында расмий 20 миллион калк жашайт. Ички миграциянын эсебинен саны андан да көп болушу мүмкүн. Тоонун таза абасына көнүп калган кыргызбыз да, шаардын абасынан аябай кыйналдык. Завод-фабрикалардын, адамдардын көптүгүнөн аба өтө булганып, көк асман көрүнбөйт. Таң заарда гана аба бир аз тазаланып, көгүлтүр асман жылт этпесе, ар дайым туман каптап тургандай. Жери кенен, ичкенге көк кашка суу, таза абасы бар Кыргызстаныбыз бейиштин төрүндөй эле сезилди мага, Кытайга салыштырмалуу. Дагы бир жагдай, аларда мөмө-чөмө даамсыз. Ар кандай химикаттардын жардамы менен тез өндүрүп, теплицаларда өстүргөндүктөнбү, дарбызы дарбыздай, коону коондой эмес. Байкашымча, Кытайда эки тараптуу жашоо. Байлары өтө көп, материалдык жактан жетишкендери өздөрүнүн руханий байлыгын өстүрүү менен алек болсо, экинчи бөлүгү жөн гана “эртеңки күнү эмне жейм?” деген ой менен күн кечирет.
Расмий жолугушуулардан кийин бизди жумушчулар аймагына алып жөнөштү. Искусство, маданияттын очогуна, техника, технологиясы өнүккөн мекемелерине болгон саякаттан кийин бул аймакка сапар таң калычтуу болду.
КИЧИНЕКЕЙ ҮЙДӨ 3 ҮЙ-БҮЛӨ ЖАШАЙТ
Жумушчулар аймагы Пекин шаарынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Кызыгы, мындай жарды кварталдарды кытайлыктар чеп менен курчап, жат көздөн алыс кармашат экен. Кытайда ички миграция өтө өнүккөн, провинциялардан эл агылып келерин кошумчалап кетишти коштоочулар.
Биз кирип барганда эле жумушчулар аймагынын кеңсеси сыяктуу имараттын короосунда жайылып жаткан кийимдерди көрдүк. Сурасак, эл эски кийимдерин жумушчулар аймагына өткөрүп беришет экен. Ар кандай дары-дармектерди чачып, күнгө жайып коюп, кийин ушундай кийимдерге муктаж болгондордун дүкөнүнө өткөрүп беришет. Бизче айтканда, секонд-хенд.
Бир жерде аял баласын тосуп отурса, андан арыраакта тамак жасалып, ары жакта бир бийкеч боёнуп, айтор, бир укмуш көрүнүш. Кичинекей бөлмөнү карап “канча адам жашайт?” деп кызыгып калдык эле, оозубузду ачырып “3 үй-бүлө жашайт” дешти.
Балдар окуган мектепке барып, андан бетер таң калдык. Биздин эң алыскы райондорубузда да мындай мектептер жок болуш керек. Эски китептер, эзели оңдоп-түзөө иштери жүрбөгөн класс... Биздин делегация “акиташ салуучу чакасын даярдап койсо актап бермек экенбиз, жумушка көнгөн калкпыз да...” деп коштоп жүргөн кытайларга тамаша-чынга сала кайрылышты. Ушундан кийин “кокуй, жашообуз начар, артта калдык” деген наалаттарыбызды ташташыбыз керек экенин түшүндүм. Табигый таза тамак ичип, кенен жерибизде жыргап жашап жатыппыз, туугандар. Көрсө, бардын баркы билинбейт экен да...
“КЫРГЫЗСТАНГА КЕТЕЛИ ДЕГЕН ОЮБУЗ ЖОК”
Пекин шаарынан кийин ар улуттун башын кошкон Үрүмчү шаарын көздөй сапар тарттык. Мейманканадан кытайлык кыргыздарга жолуктук. Нуралы, Нуршат агалар менен маек куруп, сөзүбүз бүтпөй жатты. Алар “сүйлөшөлү” дегенди “бапырашалы” дешет экен, анын сыңарындай бапыраштык.
– Нуршат мырза, бул жерге кандайча келип калгансыз?
– Нечен заман өтпөдүбү. Негизи, биз отурукташкан жер – тээ Эне-Сайдын боюндагы кыргыздардан бери келе жаткан жер. Өзүбүздү кайсы бир жактан келип калган сыяктуу сезбейбиз.
– Тилибизде чоң өзгөчөлүк деле байкалбады мага...
– Таарынбаңыздар, бирок силерге караганда кытайлык кыргыздар нукура кыргыз тилинде сүйлөйбүз. Бул жактагы кыргыздар, негизинен, мал чарбачылык менен алек болуп келишкен. Бирок 1920-30-жылдардан бери улан-кыздарыбызды окутуп, мындай престиждүү мекеме, ишканаларда кызмат кылуулар көбөйдү. Эми ата-энелер келечек тоодо эмес, шаарда экенин сезип, балдарын институт, университеттерде окутканга аракет кылып жатышат.
– Калкы көп кытай элинде кыргыздарды ишке алуу деле оор болсо керек?..
– Сынак менен бардык улуттар кабыл алынат.
– Кытайларда бир эле балалуу болууга уруксат эмеспи, кытайлык кыргыздар ушул мыйзамга баш ийишеби?
– Кытайдан башка улуттарга 2 же 3төн балалуу болууга мыйзам чегинде жол берилген. Мисалы, кыштактарда жашаган адамдардын 3 балалуу болууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми шаарда жашаган кыргыздардын 2 балалуу болууга укугу бар. Андан көп болсо мамлекетке айып пул төлөйт.
– Сиздин канча балаңыз бар?
– Үч балам бар (күлүп).
– Кыргызстанга баргансызбы? Мүмкүнчүлүк болсо кетет белеңиз?
– Кыргызстанды көрө элекмин. Мен “Кыргызстанды көрүп келсек” дегендерди угам, бирок биротоло калып калууну максат кылгандарды, чынында, жолуктура элекмин. “Ал жакка барганда кандай жашоо болот, кантип тиричилик кылабыз?” деген маселелер бар да эми (“өзүңөр тынчыбай жатсаңар” дегенин көзүнөн окудум). Ал жакта силер аман болуп, бул жакта биз аман болуп эле жүрө берели...
Кийинки сандарда Улуу Кытай сепили, императордун сарайы, кытай маданияты, эли жана башкалар тууралуу саякат-баян уланмакчы.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg
КЫРГЫЗСТАНГА КАЙТАСЫЗБЫ?
Бегимай Пиланова,
Корея, Сеул шаары, официант:
– Окуума байланыштуу бул жакка келип, ылайыктуу жумуш таап иштеп калдым. Айлыгы жакшы. Ошентсе деле эки жылдан соң мекениме кайтам. Кыргызстан менен Ысык-Көлдү аябай сагындым.
Адилет Соодонбеков,
Франция, Париж шаары, куруучу:
– Кайтпаганда кайда барабыз? Ата-эне, тууган-туушкан деген Кыргызстанда. Айла жоктон нан табалы деп чет өлкөдө иштеп жүрөбүз. Кыргызстанда жыргаган киши аз, чоңдор эле жыргабаса...
Чолпон Бекмукамбетова,
Италия, Казерта шаары, бала багуучу:
– Кайтабыз, буюрса. Бул жакта жашообуз, бардыгы жакшы болсо да, мекенибизди сагынабыз. Ата Журтка кайтып келүү чет өлкөдөгү
ар бир кыргыздын тилеги болуш керек.
Мирлан Чатыров,
Түркия, Анкара шаары, администратор:
– Бул жакта мейманканада иштейм. Айлык, шарт жакшы. Азырынча мекениме кайтпайм. Себеби Египетке жумушка чакырып жатышат.
Кыргызстанда ай сайын 50-60 миң сом айлык акытөлөгөн жумуш табуу кыйын.
Насима Акбашова,
АКШ, Филадельфия шаары, бала багуучу:
– Азырынча тил үйрөнүп, чет өлкөлөрдү кыдырып, аны менен катар акча да таап жүрөм. Кийинчерээк жолдошум экөөбүз тең Кыргызстанга кайталы деген оюбуз бар.
Улан Алимбеков,
Орусия, Москва шаары, менеджер:
– Бир аз иштеп, бутка туруп алган соң Кыргызстанга кайтып барып, бир ишкана ачуу максатым бар. Ата-энем, туугандарым, досторум үчүн болсо да мекениме кайтам.
Айзада Чоюбекова,
Орусия, Якутск шаары, сатуучу:
– Албетте, кайтам. Турмуш-шартка байланыштуу бул жакта убактылуу иштеп жүрөм. Бир аз акча топтогондон кийин сөзсүз мекениме барам.
Кыргызстанды аябай сагындым.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg