СУДЬЯЛАРДЫ ДА КОКТУ-КОЛОТКО БӨЛҮҮ МЕНЕН ТАНДАЙБЫЗБЫ?
“Ата журтчу” Жылдызкан Жолдошева Жогорку Соттун судьялыгына тандалган талапкерлер боюнча өзгөчө бир нааразычылыгын айтып чыкты. Парламенттин чоң жыйынында Сотторду тандоо кеңеши тарабынан тандалып, президент Алмазбек Атамбаевдин элегинен өткөн 25 талапкердин ичинен Баткен, Жалал-Абад жана Талас облустарында жашагандардан бирден эле өкүл кирип, Нарын менен Чүй облустарында жашагандардан 4төн өкүл тандалганын белгиледи.
Интерактивдүүлүгү менен айырмаланган “ар-намысчы” депутат Дастан Бекешев жыйын залында отурган жеринен социалдык тармактагы блогуна жаза баштады. “Жолдошева судьяларды тандоодо аймактык критерий эске алынуусун суранды. Акмакчылык. Нарымбаев макул болуп кала жаздады”. Ушундай эле пикирлерди интернет колдонуучулар бир нече форумдарда жазышууда.
Эл өкүлү Жылдызкан Жолдошева иш билгилик, кесипкөйлүк тууралуу маселе көтөрсө, кол чабар элек, эми судьяларды да аймак-аймак, кокту-колотко бөлүү менен тандайбызбы
КЕЛДИБЕКОВДУН ӨКТӨСҮ ОЙГОНУП КЕТТИ КӨРҮНӨТ
Ушул эле жыйында “Ата Журттун” өкүлү, депутат Ахматбек Келдибеков Жогорку Сотко судьялыкка талапкерлердин бири Болот Акматов өлкө башчысынын тууганы экенин айтып, “талапкерлер калыс тандалды деп айта алабызбы?” деп нааразылык билдирди. Өз кезегинде Болот Акматов “биздин чоң аталарыбыздын аталары бир тууган болушкан, демек, бизди үч ата өткөн тууган десе болчудай” деди.
Үч ата өткөн туугандарды чогулта келсек, ар бир кыргызда бир айыл эл чогулса керек. Алардын катарына партиялаш, айылдаш, классташ, группалаш, курсташ, кошуна дегендерди да кошуу керек. Себеби кыргызда булар да жакын тууган, дос-тамыр катары саналат эмеспи. Минтип отурсак, таптакыр бейтааныш, эч бир жакындык-туугандык илинчеги жок кадрды табуунун өзү кыйын болуп калат. Сыягы, Ахматбек Келдибековдун ичинде жүргөн өктөсү ойгонуп кетти көрүнөт. Коллегалары парламент башчылыгынан кетирерде ага “кайнатасын кеңешчи кылып алды” деген да айып тагышкан эле. Ошентип, 25 судья Жогорку Сотко парламент тарабынан бекитилди.