“Супер-Инфонун” негиздөөчүсү Кылычбек Султанов Социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалганынан улам, мыйзамга ылайык, КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалык ордун бошотту. Жаңы төрага шайлоо Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн арасында бир топ убаракерчиликти жаратты. Төрагалыкка Фархат Бекмамбетов менен Илим Карыпбеков талапкерлигин көрсөтүшкөн. Эки саатка созулуп, кайра-кайра жүргүзүлгөн добуш берүүдө талапкерлер керектүү болгон 8 добушту топтой алышпады. Мындан улам 14 адамдан турган байкоочулардын ортосунда “төрагалык Кылыч мырзаны бошоткусу келбей жатат окшойт. Министрликти таштап келе берсе, КТРКнын аброю катуу көтөрүлмөк” деген сөздөр айтылып жатты.
13-сентябрь күнү үчүнчү ирет добуш берүүнүн негизинде 10 добуш менен Байкоочу кеңешке Фархат Бекмамбетов төрага болуп шайланды.