МЕРГЕН САХНАДА ЖАНА ЖАШООДО

Узун чачы менен сахнада ары секирип, бери секирип “Ак бантикти” ырдаган жигиттин Мерген Турган деген ысымы кыргызымдын кыйласына тааныш. Ошентсе да көпчүлүк анын сахнадан сырткары кандай адам экенин биле бербейт. Аны жакындан тааныган сахналаштары ырчы жөнүндө кандай ойдо? Мындан сиз дагы кабардар болуңуз, окурман.

Турдалы Аскарбеков:

– Мен Мерген Турганды 1990-жылдардан бери тааныйм. Ошол кезде Леонтьевди кумир тутуп, аны туурап чачын өстүрүп, баскан-турганынан бери окшоштурбадыбы. Ошол учурда Орусия калкы Леонтьевди “голубой” деп да чыгышкан. Биздин Мерген көпкө чейин үйлөнбөй жүрсө, ага дагы ушундай имиштер жабышты. Ал кептин баары артта калып, Мерген минтип бир баланын атасы болуп отурат. Бирок анын кылык-жоругу, сүйлөгөнү, манералары мурдагыдай эле “женственный” бойдон кала берди. Байкасаңар керек, Леонтьев деле азыр эркектер жакка 100 пайызга ооду. Мерген дагы кыздарчылап чача-пачалабай чыныгы эркек кейиптенип, “мужественный” болсо жакшы болмок.

Асел Турдалиева:

– Мерген экөөбүз бала кезден Нарын шаарында чоңойдук. Мергенди өтө жоопкерчиликтүү, пейили кенен, тамашакөй, таланттуу адам катары билем. Ырчылык жактан гана эмес, актёрлук жактан да күчтүү талант десем болот. Актёрлук өнөрүн өркүндөтсө, алыска кете турган адам. Бирок кийинчерээк жакшы иштебей жүрөт. Жеке концертин көптөн бери бере элек. Мергендин үнүнүн диапазону күчтүү, тембри кооз. Мүнөзүн айта турган болсом, орустар “без комплексов” деп коюшат го, ошондой адам. Ырчылар чогулуп, арабызда Мерген жок болуп калса баарыбыз суз тартып отура беребиз. Анан “ий, Мергенди чакырыш керек” деп баштайбыз.

Жанета Бобкова:

– Мерген байке элге ырчы катары таанылып калды. Менин оюмча, ырчылыкты эле алып кетсе жакшы болмок. Акыркы кездерде кыздын кийимин кийип алып интермедия аткарып жатпайбы, ушунусу жакпай жүрөт. “Кыздар көп сүйлөйт” дегенди жакшы эстеп калганбы, интермедияларында ашыкча эле сүйлөй берет. Эркек деген эркектей токтоо, оор басырыктуу болгону жакшы эмеспи.

Ильяз Абдыразаков:

– Бул байкенин өзүн алып жүргөнү мага эле эмес, көптөргө жакпайт болуш керек. Кыздарга окшоп жүргөн эркектерге эч түшүнбөйм. Кантип уялышпайт десең?.. Өткөндө анын “боюмда бар” деп тамашалап жатканын угуп алып жиним келди. Анан дагы байкенин эркектерге ар кайсыны сүйлөп, көп тийише бергени жакпайт. Ырчы катары алсам, анын ырдаганы, үнү жагат. Бирок кыздарга окшоп бийлегени көзгө өөн учурайт.

Гүланда:

– Мерген байке менин өткөндө берген концертимде Дыңкы жеңенин ролун аткарды. Аялдын образын эң сонун ачып берди. Муну менен анын көп кырдуу талант, тактап айтканда, актёрлук өнөрү да бар экенин айткым келет. Анан кыздын үнү менен ырдаганда айрым ырчы кыздар караандабай калышат. Байкенин аткаруусунда “Дил кайрыкты” жана “Кыз-Бурак” тобунун “Айта бар арманымды” ырын уккам. Ушул ырларды ырдаган кыздардан ашыкча ырдашы мүмкүн, бирок кем калышпайт экен. Мүнөз жагына токтолсом, качан болбосун адамдын боорун эзип каткыртып, элдин да, өзүнүн да көңүлүн ачып жүргөнүн көрөм.

Азат Болотбек:

– Мерген байкенин сахнадагы ырчылардан айырмаланып турган өзгөчө стили, имиджи бар. Мүнөзү дайыма шайыр, шаңдуу. Концерттерде чогуу болуп калганда гримдөөчү бөлмөдөн бир нече жолу жандуу үн менен ырдап берген. Ошондо анын бийик нотаны алып ырдаганы мага абдан жаккан. Кыскасын айтканда, бул адамды адам катары да, ырчы катары да сыйлайм. Ал эми кийингени, өзүн алып жүрүүсү боюнча сынагыдай мен киммин? Стилист же имиджмейкер болсом бир жөн.

Мирлан Жетигенов:

– Мерген Турганды жөн гана адам катары ала турган болсом, адамгерчиликтүү, тамашакөй, ачык-айрым, эч нерседен уялбаган эң сонун адам. Бирок мага таарынчаактыгы жакпайт. Колу бош болуп калса эле мага таарынуунун жолун издейт. Анан жолукканда тултуюп сүйлөбөй калат. “Эмне болду, Мерген байке?” десем, “мен сага таарынып жатам” дейт. Мен айлам кеткенде “мага айтып коюп таарынсаңыз боло” дейм күлүп. Чынында, Мерген байке эмнеге таарынып жатканын өзү деле билбейт. Баласы төрөлгөндө үйүнө көрүп бардым. Мурун ашканага өзү чуркаса, азыр баласын кучактап жалынып-жалбарып диванда эле отурат экен. Үйүндө экенинде баласын аялына деле карматпайт окшойт, кыязы. Ал эми узун чачы, кыздыкындай жүрүш-турушу жөнүндө айтыштын өзү азыр кеч. Ушундай кыял-жоругу менен эл жүрөгүнөн орун алды десем жаңылышпайм. Баса, бул адам оромону укмуш жакшы көрөт. Жасап берсең же сатып берсең баарын унутуп жейт.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 338, 24-30-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан