Өткөн жылы депутаттар Ак үйдөн кара күчтөрдү, шайтандарды кууш үчүн кой союп, кан чыгарышкан эле. Ал аракеттен майнап чыкпады көрүнөт, парламенттин жыйын залдарында, коридорлорунда уруш-мушташтар дале уланууда. Эми 11-сентябрда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети, өзүнүн айтымында, “космостон кат, ишараттарды алуучу” Тынчтыкбек Койчумановду чакырып, докладын угушту. Бул адам мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө жардам берүүнү сунуштады. “Биздин максат – өкмөт менен парламенттеги стратегиялык документтердин даярдалышына, Министрлер кабинетиндеги маанилүү чечимдерди кабыл алууга катышуу”,- деп билдирди Койчуманов.
Ал ушундай эле сунушу менен парламентке удаа өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге жана ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Бабановго кат аркылуу кайрылган экен. Өлкө башчысы менен өкмөт башчысы бул каттарга жооп берген-бербегени белгисиз, бирок аталган экзотерик эл өкүлдөрүн кызыктырыптыр.