БРАЗИЛИЯДА ӨТҮҮЧҮ ОЛИМПИАДАГА ДАЯРДЫК БАШТАЛДЫ

Кыргызстандык спортчуларды 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиада оюндарына даярдоо үчүн 4 жылдык программа иштелип чыкмакчы. Программаны даярдоодо Бээжин жана Лондон Олимпиадаларындагы кемчиликтер эске алынат. "Чоң спорттогу көйгөйлөр кечээ же бүгүн пайда болгон жок. Ооба, Олимпиададан спортчулар ийгиликсиз кайтканына каржы маселеси менен катар бир топ себептер бар. Учурда иштелип жаткан 4 жылдык программада спортчулар менен катар машыктыруучулардын деңгээлин да жогорулатуу маселеси каралат",- деп билдиришти Улуттук олимпиадалык комитеттен. Комитет билдирүүсүндө айына 100 000 сомдук стипендия алган олимпиадалык стипендианттардын экөөсү гана Лондонго жолдомо алууга даремети жеткенин айтып, жеңилүүгө комитет эмес, спортчулар менен алардын жеке машыктыруучулары жана башкы машыктыруучулар күнөөлүү деген ойду кыйытты.
Коомчулук бул ой менен макул болбосу турган иш. Ошентсе да кийинки Олимпиадага азыртадан даярдыкты баштап жаткандары колдоого арзыйт. Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиададан медаль күтөбүз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
AGAT
2012-09-19 15:32:26
sambo - сизге эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
ulan1981
2012-09-27 00:44:59
конечно надо работать до последнего пота молодцы кана двигайся с тобой всевышний
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан