Жаңы окуу жылынын башталышы менен мектептеги рэкетчилик кайрадан жанданды. 11-сентябрдан 12сине караган түнү Базар-Коргон районундагы С.Ташиев атындагы мектептин окуучуларынын арасында массалык мушташ чыгып, 10-класстын бир окуучусу каза болду. Окуяны териштире келгенде төмөнкүлөр белгилүү болуп отурат.
Бул түнү 10-11-класстын окуучулары өз ара келишпестиктерди чечип алмакчы болушуп Кара-Үңкүр дарыясынын жээгине “разборкага” чогулушкан. 11-класстын балдары 10-класстын балдарын "биз менен ийилип учурашкыла" деп "тарбиялап", катарга тизип алып ур-тепкиге алышкан. Көкүрөк тушка катуу урулган соккудан улам 1996-жылы туулган 10-класстын окуучусу Кененбай Кубанычбек уулу оор жаракат алып, айылдык ооруканага жетип, каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБинин маалымат кызматынан билдиришти. Мушташка катышкан 11-класстын окуучулары милиция тарабынан кармалып, 4 бала камакка алыныптыр. “Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары башталды”,- дейт ОИИБдин маалымат катчысы Аида Зулпукарова.