БАКЫТ АПКЕЛГЕН КОКУСТУК

Таң менен кошо келген муң

Жадыраган жайдын таңы. Шаар сыртындагы бак-шакка чөмүлгөн дача. Ортодо жайгашкан үйлөрдүн биринен узун бойлуу, ак жуумал, сулуусымак жаш келин чыга келди. Бул таң тосууну жакшы көргөн Гаухар эле. Жапжашыл тегеректи суктана карап алып, алма бакты көздөй басты. Кызарып быша баштаган алмалардан үзүп жатып, жүзүн муң чулгай түштү.
“Таежем бүгүн да келбей калса кызым экөөбүз жалаң алма менен жан сактайбызбы? Мен го эптеп чыдайм дечи, кызым кантет? Кечээ Нурбегимди нандын күкүмдөрү, анан баштык түбүндөгү бир ууч күрүчтү бышырып берип алдадым. Бүгүн эч нерсе жок кантем? Же кара курсагыбыз үчүн коңшулардан нан сураймбы? Күйөөм менен жашап турганда анын арты менен таякем-таежемди ишке орноштуруп, улуу баласын камалып кете турган жеринен бошоттуруп чыгартып бербедим беле? Эми күйөөм менен ажырашып, үй-жайым, акчам жок көчөдө калганымда ал жакшылыктарымдын баары унутулуп калабы?” Буларды ойлогондо жан-дүйнөсү кысылып, көзүнө жаш толуп чыкты. Ошол ойлонгон калыбында колундагы алма салынган идишти сырттагы стол үстүнө калтырып, ичкериге кирди. Бөжөктөй болуп ширин уйкуда жаткан кызынын саамайынан сылап өөп койду. “Ушул тырмактай кызы менен өзүн бага албай калат деген не шумдук?” деп муңканып отурган боюнча ыйлап жибергенин сезбей да калды. Ыйынан Нурбегим ойгонуп, апасына боор тарта кучактап калды. Гаухар көз жашын аарчып, өзүн да, кызын да алаксытуу максатында кызын жулмалап ойноого кирди.

Таанышууга жеткирген окуя

Кызы менен ойногонго аз болсо да маанайы жаркый түшкөн Гаухар сыртка чыгып, колуна чака алып, кудукту карай басты. Ошол кезде бет алдында чака кармап келе жаткан сымбаттуу эркекти көзү чалды. Сыягы суу алганга келе жаткандай. Ошол убакытта апасынын артынан келаткан Нурбегим:
– Апа, карачы, оногу ит менин куурчагымды жеп жатат,- деп чырылдап жиберди. Ал көрсөткөн жакка бурула берген Гаухар чоң дөбөт Нурбегимдин куурчагын тытмалап жатканын көрдү. Сыягы, Нурбегим кечинде куурчагын унутуп, сыртта калтырган окшобойбу. Куурчагына ичи ачышкан Нурбегим үңүлдөп ыйлап кирди. Бейтааныш эркек итти кубалап, Нурбегимдин жанына жете барды.
–Ыйлаба, секет кетейин, кечирип койчу, ал менин итим эле. Мен сага кечинде жаңы куурчак алып келип берем. Ага чейин сен башка куурчагың менен ойноп тур, макулбу?-деп сооротуп кирди.
Антсе Нурбегим:
– Менин башка куурчагым жок...- деп ого бетер өпкөлөөгө өттү. Бейтааныш жардам сурагандай Гаухарга карады эле, ал да кызы менен кошо ыйлачудай болуп калыптыр.
Бейтааныш абалды түшүнө коюп:
– Келгиле, анда үчөөбүз азыр эле менин машинам менен шаарга барабыз да, сага көп куурчактарды алып келебиз. Сүйлөштүкпү?! Анда мен силерди он мүнөттөн кийин жол боюнан күтөм,- деди эле Нурбегим жаштуу көзүн сүртө апасына бурулду.
Гаухар эмне кылсак дегендей ийнин куушурду.
– Барабыз, апам экөөбүз барабыз. Балмуздак да алып бересиз ээ?!- деп апасы экөө үчүн чечип коё салды Нурбегим.
Бир аздан кийин үчөө шаарды көздөй жөнөштү. Өзүн Сулайман деп тааныштырган бейтааныш эркек эми Нурбегимге атасындай мамиле жасап, анын ою менен болуп, паркка да алпарды, сүрөткө да түшүрдү. Биринчи жолу көрүп, таанышкан бул адамдын мындай мамилеси менен камкордугуна башы жетпей, Гаухар улам аны суроолуу көз караш менен карап коюп жатты.

Кечиндеги сырдашуу

Кечинде үчөө Гаухардын таежесинин дачасында столдун үстүн жайнатып коюп сүйлөшүп отурушту. Кечке жаны тынбай чуркаган Нурбегим бир кезде апасынын алдында уйкуга кирди. Гаухар аны ички бөлмөгө жаткызып, кайра чыкты.
Экөө бир азга тиктешип отурган соң, Гаухар күндүз жүрөгүн ээлеген суроону узатты:
– Мен сиздин бир күнүңүздү бизге арнап, кызымдын ою менен болгонуңузга али таңгалып бүтпөй жатам.
Сулайман жоодурай карай:
– Силер менин ким экениңерди билбесеңер да, мен силерди күндө сыртыңардан көрүп, анча-мынча сүйлөшкөн сөзүңөрдү угуп, өзүмдү силер менен тааныштай эле кабыл алып калгам. Жалгыз болгонум үчүнбү, негедир силерди эш тутуп алгам,- деди.
Гаухар бул адамдын өзүнө тарткан бир касиети бар экенин байкап, күлүмсүрөй карады. Сөздөн сөз уланып Сулайман бир кезде:
– Катуу тийсе кечирип кой, бирок, мен Нурбегимдин атасы кайда деп сурайын дегем,- деди.
Күтүлбөгөн суроодон дабдаарый түшкөн Гаухар тынымдан кийин өзүн колго ала:
– А сиздин үйбүлөңүз кайда?-де­ди кайра ага суроо узатып.
Сулайман башын чулгуй алысты карай:
– Менин уямды каргашалуу кырсык жок кылган. Эс алып жүргөн кездеринде кокустан дайрага аккан уулумду кармайм деп аялым кошо сууга агып кеткен. Ошентип, уулум экөө тең мени таштап, бөлөк дүйнөгө учуп кетишкен...- деди үнү кардыгып.
Байкабастан жүрөгүнүн жарасын тырмап алганына өкүнүп, өзүн күнөөлүү сезген Гаухар кечирим сурап, анын колун кармап сылагылап киргенин сезе бербеди. Экөө унчукпай көпкө отурган соң, Гаухар чай коюп келип, кайра аңгемеге өтүштү. Кызы экөөнүн алдына чечилип, бир күнүн өздөрүнө арнаган бул адамдан Гаухар жүрөк сырын жашыргысы келбеди.
Геолог ата-энеси табият кырсыгынан кайтыш болгонун, анан таежесинин колунда калганын, бирок, таежесинин балдары батырбай балдар үйүндө чоңойгонун... Кийин институтта окуп жүргөнүндө сүйлөшкөн жигити Жоодарга жеткизбей, күйөөсү Марат ала качып үйлөнүп алганын... Бирок, “сүйөм, күйөм” деген күйөөсү өзүн башкага алмаштырганын, ошондон улам ажырашканын, эми минтип таежесинин дачасында баш калкалап отурганын айтып берди. Улам буулугуп сүйлөп отургангабы, сөзү­нүн акырына жеткенде көзүнөн мөлтүр жаштар тамып кетти. Сулайман отургучун жакын жылдырып, Гаухардын ийнинен сылай:
– Ыйлабачы, көрөсүң го бардыгы жакшы болот. Болгону сен ишен, жакшы күндүн келээрине ишен. Бүгүн менин отпускамдын акыркы күнүндө силер менен таанышып отурганыма кубанып жатам. Эртең мен шаарга кайтам. Ал эми үйүмдүн ачкычын силерге таштап кетем. Үйдү карап, кааласаңар кызың экөөңөр жашай бергиле. Мен болсо экөөңөрдү көргүм келгенде эле машинам менен зымырап келип калам. Сүйлөш­түкпү?- деди.
Мээримге, жылуу сөзгө зар болуп жүргөнгөбү, Гаухар буларды угуп ыйлап да, жылмайып да алды. Коштошуп, үй тарабына баскан Сулайман Гаухарды кылчак-кылчак карай узап баратты.
Эртең менен сыртка чыккан Гаухар стол үстүндө жаткан ачкыч менен конвертке көзү түштү. Конвертти эмнеге коюп кеткенине башы жетпей басып келип, колуна алды. Ачса ичинде бир топ акча бар экен. Сыягы, мунусу тамак-аш сатып алганга керектесин дегени го деп ойлоп, Сулайманга ичи жылып чыкты...

ххх

Сулайман кийинки келгенинде да Гаухарды кызы менен машинасына салып, шаар кыдыртып, Нурбе­гим­дин каалаганын алып берип, көңүлдөрүн ачты. Кечинде болсо Гаухардын кыйылганына карабай, кызы экөөнү үйүнө көчү­рүп келип кой­ду. Гаухар буга ичинен сүйүнүп, мулуюп калды. Анткени, таежеси өткөндө келгенде “силер үйдү бошотсоңор квартирант киргизет элем” деп кагып-силкип күңгүрөнүп кеткен эле...

Элеске сиңген чатак

Уктоого келгенде жана ички муңу козголуп калгангабы, негедир Гаухардын көз алдына үйүнөн чыгып кеткен акыркы күн элестеп туруп алды.
Бул күнү да күйөөсү кеч келген. Ал кечиккен сайын “дагы мас болуп келип, ур-бериге алат го” деп ойлоп, жаны жай таппай санааркап жатты. Кетип калайын дейт, кызы менен кайда бармак? Же төркүнү болбосо... мындай абалга өзүнүн көздөй көргөн курбусу жеткизээрин сезген эмес эле. Элдин баарын өзүндөй ак көңүл, ак ниет ойлогон окшобойбу. Болбосо тымызын күйөөсүнүн башын айлантып, бузуп жаткан жакын курбусу экенинен шекшийт эле го. Бир баласы менен ажырашкан курбусуна кыйналып жатат деп боор ооруп, эки күндүн биринде үйүнө чакырып, коноктоп, түнөтпөйт эле го. Көрсө, курбусун эмес эле үйбүлөсүн буза турган жыланды үйүнө киргизип жүргөн тура. Алгач бул тууралуу коңшуларынан укса да ишенбей, күйөөсү менен курбусун актап чыккан эле. Бирок, экөөнү өз үйүнөн, болгондо да өз төшөгүнөн кармап алган соң гана ишенип, экөөнөн түңүлгөн. Түңүл­гөн менен күйөөсүнө эч нерсе деген эмес. Оюнда өзү азап тартса да жазга чейин эптеп чыдап, анан биротоло чыгып кетмек эле. Болбосо кыштын күнүндө кимдин эшигин сагаламак? Муну сезгендей күйөөсү ар кеч сайын “Эмне, дале албарстыдай болуп отурасыңбы? Же эмне, мени кайра ойлонуп, сени менен жашайт дейсиңби? Бара турган жериң жок гана чыдап отурасың, ээ?” деп ызырынып келекелейт. Мына азыр да келсе ошол сөзүн кайталаарын сезип, бурчта бүрү­шүп бир ууч болуп отурду. Айткандай эле күйөөсү кызуу келди. Гаухар күткөндөй эле кылдан кыйкым таап, сабаганга өттү. Күйөөсү­нүн токмогу менен заар тили ушунчалык жанына баткан Гаухар мындан ары чыдоого болбостугун сезди да, ошол кийип турган кийими менен бурчта чырылдап ыйлаган кызын көтөргөн бойдон үйүнөн качып чыккан. Кызын бооруна катып, бараар жери да, болушаар адамы да жок, бет алды кете берген... Качан гана кызы экөө суукка абдан карыкканда туш келди үйдүн эшигин кагып, түнөп кетүүгө уруксат сураган.
Буларды көз алдынан өткөргөн Гаухар оор улутунуп, күйөөм да Сулаймандай адам болгондо эмне? Анда бизди колуна көтөрүп багып алмак. Эмнеге мага мындай адамдан Кудай айткан эмес деп ойлоп жатып, акыры уйкунун кучагына тартылган эле...

“Кечир атаңды, айкөл кызым...”

Андан бери арадан бир топ жыл өттү. Гаухар менен Сулайман баш кошуп, уулдуу болушкан. Экөө өткөн-кеткенди эстегенде “Эгер Нурбегимдин ит тытмалаган куурчагы болбогондо табышпай калмак белек, ким билет? Ошол биз үчүн бактылуу кокустук болгон” деп күлүп алышат. Ал эми бир кезде кызы экөөнү чанып, үйдөн кууп чыккан Марат иштеген жеринен көп акча жеп, фирманын будуң-чаңын чыгарган экен, иши сотко ашып, камалууга жеткен. Бул жаңылыкты Сулайман аркылуу уккан Гаухар көпкө ойлонуп, Сулайманга “Ал ит болсо да, кызымдын атасы эле. Сот досуңа айтып аны камактан бошоттуруп бере аласыңбы?” деп суранган. Муну уккан Сулайман Гаухарга узакка суроолуу карап, анан: “Мейли, сеникиндей болсун” деген. Камалмак болуп кокусунан бошонгон Марат өзүнүн эркиндикке чыгып жатканына Гаухардын себепчи болгонун угуп, ушундай кең пейил, айжаркын аялды чанып кеткенине өкүнүп, башын муштагылап ыйлаган эле. Кызы экөөнү таштап кеткен жазасы үчүнбү, айтор, Марат кийинки аялынан балалуу болгон эмес.
...Бүгүн сүрөт музейинде эл көп. Себеби, сүрөтчү болуп чыккан Нурбегимдин сүрөт көргөзмөсү өтүп жаткан. Кызынын сүрөт көр­гөзмөсү өтө турганын гезиттен окуган Марат кызынын сыртынан болсо да көрүү үчүн музейге келген эле. Киргенде эле төрдө илинип турган өзүнүн сүрөтүн көрүп, көзүнө ишенбей катып калды. Сүрөттөн өзүн бир кездеги жапжаш Марат карап турган. Өзүн токтото албаган Марат:
– Кызым, көрсө, сен да апаңды тартып айкөл болуп чоңоюпсуң. Рахмат, бактылуу бол. Мен... мен куруюн, бир кезде силерди чанган жаным, эми минтип кол жетээр жерде сага баралбай, сени “кызым” деп атай албай ит болуп турам. Кечир атаңды...- деп шыбырай, көз жашын көрсөтпөө үчүн бурчтан бурула берди.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aydashka
2010-10-19 12:10:08
Birde jigit too minet,birde jigit joo jurot degen ushul!
0
Dinara
2010-12-18 03:53:25
biroogo jamandyk kylsan al albette kaitaary chyndyk...
0
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан