Бир жагынан “кыш оор болот” деген божомолдор, бир жагынан электр энергиясынын көйгөйү элдин маанайын бузуп турган учур. Бул кышта деле жарык берүү жагы маселе жаратышы мүмкүн экенин жаңы дайындалган Энергетика жана өндүрүш министри Автандил Калмамбетов билдирди.
Энергетика жана өндүрүш министри:
“Айтпады дебегиле, абал чатак”
Учурда башкы маселе – кышка даярдык. Энергетика жана өндүрүш министри Автандил Калмамбетов кышында электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр болушу мүмкүн экенин Токтогул суу сактагычындагы суунун былтыркыдан 2 миллиард м3га аз экендиги менен түшүндүрүп жатат. Мындан башка да себептери бар.
“Биз Нарын ГЭСинен электр энергиянын 40 пайызын Ташкент-Чымкент-Жамбыл аркылуу алабыз. Былтыр бул линия боюнча чектөөлөр 50-80 мегаватт болсо, быйыл 200 мегаваттка чейин жетет. Казакстандын аймагында колдонуу өскөндүктөн, алар электр энергияны жетиштүү бере алышпайт. Казакстан 3 жолу Бириккен энергетикалык түйүндөн чыгууга аракет кылды. Эгерде алар чыгып кетсе, чоң көйгөйлөр башталат” дейт министр.
Биз бул көйгөй тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Карыпбек Алымкуловго кайрылдык. Энерго-адис кышкы көйгөйлөр боюнча бир канча себептерди санап берди.
– Биринчиден, быйыл Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыдан 2 миллиард м3га аз. Демек, жарык күнү-түнү үзгүлтүксүз берилбей калышы мүмкүн.
Экинчиден, Бишкек ТЭЦинде былтыркыга караганда отун аз. Былтыркы уулуу көмүр ызы-чуусунан кийин казактардын бир катар компаниялары көмүр алуу боюнча тендерге катышпай койду. Былтыр дүрбөлөң салган бейөкмөт уюмдар “туура эмес өттү” деп, быйылкы тендердин жыйынтыгын жокко чыгарып салышты. 20-сентябрда жаңы тендер өткөнү турат, документтерди даярдап, ары-бери болгуча кыш кирип келет. Ошентип, керектүү өлчөмдөгү отун-сууну алып келе албай калабыз.
Үчүнчүдөн, быйыл “Электр станциялары” ишканасынын ички тарифтик бааларын төмөндөтүп салышты. Мунун кесепетинен оңдоп-түзөө иштерине акча жетишпей, бүгүнкү күнгө чейин иштер толук бүтпөй жатат. Демек, кышында бул ишканада электр энергияны иштеп чыгарууда кыйынчылык жаралышы мүмкүн.
Төртүнчүдөн, акыркы 10-12 жылдын ичинде көмүр 400 эсеге, газ 600 эсе кымбаттаптыр. А энергетикага болгон баалар кымбаттаган эмес, өзгөчө акыркы 7 жылдан бери бир калыпта кармалып турат. Мындан улам элдин баары электр энергияны колдонууга өттү. Анан сөзсүз жабдууларга, ток өткөргүч зымдарга күч келет да. Кыш суук болуп кетсе, министр айтып жаткан коркунучка кептелишибиз толук мүмкүн.
Токтогул каскадынан түндүккө электр энергиянын 40 пайызы Өзбекстан жана Казакстан аркылуу келет. Өз аймагынан өткөн энергияны өзбектер уурдап алып, акчасын төлөбөй жатышпайбы. Эми казактар түйүндөн чыгабыз деп жатат. Чыгып кетсе, абдан катуу кыйынчылык болот. Азыр өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр болуп жатат. Биздикилер жаңы башталган “Датка-Кемин” көмөк чордону курулуп бүткүчө түйүндөн чыкпай турууну суранып жатышат.
СЕРЕПЧИЛЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?
Расул Умбеталиев, Отун-энергетикалык комплекси боюнча серепчи:
–Жаңы министр “ири ишканаларда электр энергиялык өчүрүүлөр болот” деп айтып жатат. Бул туура эмес. Иштеп жаткан саналуу ишканабызды өчүрүп койсок, алар толук банкрот болушат. Менимче, алардын иштөө графигин өзгөртүп, бири күндүз иштесе, бири түндө иштей турган кылып, айтор, үнөмдөө жолу менен кышкы көйгөйдү жеңилдетсе болот.
Табият кубулуштарына байкоо салып, төрт мезгилге божомол айткан адистер да кыштын оор болорун четке какпайт.
Дастан Сарыгулов:
– Мен эки ооз гана сөз айта алам, кыш катаал болот. Болду, башка эч нерсе айта албайм. Анткени былтыр менин айткандарымды кер ооз, көрө албас адамдар ар кандай бурмалап, элге туура эмес маалымат тарап кеткен. “Сарыгулов февралда жаз келет деди эле, тоюттун баарын сатып жиберип малым ачка калды” деп мени какшыктап, каргыш айткандар да болду. Чынында, мен айткандар дал келди.
Энергетика боюнча. Токтогул суу сактагычындагы суу учурда
17 миллиард м3. Бул өтө деле коркунучтуу эмес. Эгер сугатка сатып жибербей үнөмдүү пайдаланса, эч кандай өчүрүүлөрү жок эле жеткирсе болот. Баягы “тезек тергиле” деген жылы суу 15 миллиард м3га чейин түшүп кеткен. Негизи, суу сактагычтагы суунун "критический" абалы 8-9 миллиард м3, андан ылдый түшүргөн болбойт.
Кыскасы, карапайым калк быйылкы кышка камылганы катуу көрбөсө болбойт окшойт.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg