Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, Ош ШИИБинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери шаардагы жасалма шампунь жасап чыгарып жаткан цехти аныкташкан. Маалыматка ылайык, бул цех шаардагы Касымбеков көчөсүндө жайгашкан мурдагы “Текстиль” АКсынын мурунку имаратынын бир бөлүгүндө жайгашкан. Ээси 39 жаштагы кытай жараны болуп чыккан. Шампунь жасоочу цехтен 8 аппарат жана даярдалган 300 миң даана шампунь табылган. Шампунь эч кандай уруксат кагазысыз, мыйзамсыз жол менен жасалып келген.
Жумушчулардын айтуусунда, цех 3-4 ай мурун ишке киришип, анда 9 кыргыз жараны 6 миң сом маяна алып иштешчү. Бул цехтен “Head & Shoulders” шампунунун 4 түрү жана “Fux” шампундары чыгарылган. Текшерүү учурунда “Head & Shoulders” шампунунун 22 миң даана бөтөлкөсүнүн капкагы, 1,2 миң даана этикеткасы, “Fux” шампунунун 5 миң даана этикеткасы, 21,6 миң бөтөлкөсү жана башка каражаттардын идиштери табылган. Шампундун даярдалган аралашмасы бар 700 литр өлчөмүндөгү эки чоң идиш да табылган. Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин №166-180-191-беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Цехтен чыккан жасалма шампундун курамында адам өмүрүнө коркунуч келтирген заттардын бар же жок экендигин аныктоо үчүн шампунь атайын экспертизага жиберилген.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg