БЫЙЫЛ ПАРА АЛМАК ТҮГҮЛ ОРУН ТОЛБОЙ КАЛДЫ

Нарын шаарында быйыл жогорку окуу жайларына тапшырган абитуриенттердин саны мурдагы жылдарга салыштырганда эки эсеге кыскарды жана сырттан окуу бөлүмдөрүнө кабыл алуу токтотулду. Бул тууралуу Нарын Мамлекеттик университетинин академиялык суроолор боюнча проректору, биология илимдеринин кандидаты, доцент Атанаев Токтосун агай менен ой бөлүштүк.

– Токтосун мырза, жаңы окуу жылына даярдыктар кандай?
– Даярдык жакшы. Бизде бир кезде 7 факультет биригип, 5000ден ашык студент болуп кеткен. Учурда күндүзгү бөлүмдө 1500 студент билим алып жатат. Мурда сапатка көңүл бурулбай келген, азыр баары келип сапатка такалып турат. Быйылкы окуу жылына абитуриенттердин тапшыруусу өтө начар болуп калды. 30га чукул бюджеттик орун толбой, бош калды.

– Бюджеттик орундун толбой калышынын себеби эмнеде?
– Көпчүлүк абитуриенттердин тесттен алган негизги баллдары төмөн болуп калды. Андан сырткары бардык адистикке кошумча балл киргизип коюшту. Кошумча баллдар 50-60тан төмөн болуп калды. Алардын баары ушул талаптарга туура келбегендиктен, көпчүлүк тапшыра алган жок.

– Нарын университети коррупцияга абдан малынып кеткенин, окууга тапшыруу үчүн көп акча талап кылышарын, сапаттуу билим беришпей турганын айтып нааразы болгондор көп. Буга сиз эмне дейсиз?
– Эми бул нерсе биздин эле эмес, бардык окуу жайда бар. Бул иш менен күрөшүү үчүн студенттер тайпасы менен көтөрүлүп, далил менен айтышса, биз жумуштан алып, чара көрөбүз. Быйыл пара алмак түгүл орун толбосо кайдан?..

– Сабактар мурда 80 мүнөттөн болсо, азыр 50 мүнөткө кыскарыптыр. Эмне себептен мындай жаңыланууну киргиздиңиздер?
– Бакалавриаттын өзүнүн талабында ушундай, контракттык саат деп аталат. Мындан тышкары сааттардын өзүнчө түрлөрү бар. Бир контракттык саат 50 мүнөттү түзөт. Ал эми лаборатория, дене тарбияга экиден контракттык саат берилет. Биз бакалавриаттын талаптарынын негизинде гана иштеп жатабыз. Ар бир системге өткөндөн кийин бардык талаптарын аткарышыбыз керек.

 

“Студенттердин саны азайган сайын университет жоюлуу коркунучунда болуп, орто окуу жайга айланып калат” деген кептерге сиздин оюңуз?
– Бизде андай коркунуч жок. Биринчиден, аймактарга сөзсүз окуу жайлар керек. Университеттин ачылганына 17 жыл болду. Жаштардын арасында миграция маселеси токтоду. Билим, сапат жагынан күмөн санаган болбойт. Экинчиден, биздин университет – мамлекеттик. Башкача айтканда, мамлекеттин карамагында. Анан бизде ар бир тармак өзүнчө окутулат. Быйыл төртүнчү колледж ачылып отурат.

Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Bekusha
2012-09-19 01:20:46
Alga NMU en syimyktanam, chyndygynda ele men bul okuu jaida okuim, biro bir dagy akca alganyn korgon emesmin da, studentter oz kuchu menen okuwat, sebebi okuu jai kichinekei kichine ele nerse bolso korunup kalat go dep oiloim
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан