Ош шаарында Ош облустук диспансерде иштеген медайым пара алып жаткан жеринен кармалды. Алгач Ош шаардык ИИБге Кара-Суу районунун 1970-жылы туулган Р.Г. аттуу жашоочусунан арыз келип түшкөн. Анткени бул жылдын май айынан бүгүнкү күнгө чейин Ош облустук психдиспансеринин медайымы Р.Гнын 1994-жылы туулган А.О. аттуу баласынын майып экендигин тастыктоочу документи үчүн 5200 сом акча талап кылып келген. Ош шаардык ИИБинин уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош облустук психдиспансердин кызматкери, 1965-жылы туулган Т.Ф. кармалып, КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин №225-беренесине ылайык кылмыш иши козголду.