11-сентябрь күнү Араван районунда жоопкерчилиги чектелген «Турак жай куруу материалдарынын түштүк комбинаты» цемент заводунун алдында митинг болуп өткөн. Митингге чыккан жергиликтүү эл заводдун жерге болгон ижара акысын көтөрүүнү жана жолдорду оңдоо талабын коюшкан. Аталган нааразычылык акциясына 200дөй тургун катышканы белгилүү болду. Ишкананын жетекчилиги менен сүйлөшкөн соң митингчилер ага 17-сентябрга чейин убакыт беришкен. Эгер талаптар аткарылбаса, эмне болорун көрө жатарбыз.