Коомдук кабылдама тууралуу маалымат Ош шаарынын коомчулугуна тааныштырылды. Долбоордун жетекчиси Наргиза Мамаеванын айтымында, коомдук кабылдаманы ачуунун негизги максаты – депутаттардын эл менен тыгыз иштөөсүн жакшыртуу жана бюрократиялык тосмону жоюу болуп саналат. Он-лайн коомдук кабылдама аркылуу атуулдар Жогорку Кеңештин депутаттарына түз суроо жолдоп, жооп ала алышат.
Мындан сырткары Жогорку Кеңештеги аткарылып жаткан иштердин айкындуулугу тууралуу маалыматтар менен да таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.