ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ КАЧАН ЧЕЧИЛЕТ?

Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Көк-Таш айылынын эли үчүн чек ара маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири. Алсак, быйылкы жылдын 17-июль күнү ушул эле айылдын Булак-Башы аттуу чек ара бекетинде кыргыз, өзбек чек арачыларынын ортосунда чыр чыккан. Натыйжада эки тарап ок чыгарууга чейин жетишкен. Мындан биркыргыз жоокери каза таап, дагы бир жаран жаракат алган. Бул окуядан улам чек ара маселеси тез арада чечилбесе, карапайым калк үчүн жашоо кыйын болуп бара жатканын айтышат айыл тургундары. Мындан тышкары айылдын маселеси бул гана эмес, электр энергиясы экенин элеттиктер айтпаса да белгилүү. Аталган аймак тоолуу болгондуктан, электр энергиясынын таңсыктыгы чек ара маселесинен ашып түшөт. Кышкысын 2 саат гана убакыт электр жарыгы менен камсыз болгон калк кыйынчылык торунан чыга албай убара.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан