Бул тууралуу маалымат жыйында Түлеевдин талапташтары билдиришти. Жыйынга “биз Түлеевдин колдоочуларыбыз” деген 10го чукул адам чогулуп, “адилет чечим чыгарылсын, болбосо Бишкек-Торугарт жолун жаап, боз үй тигип, мөөнөтсүз митингге чыгабыз” дешти. Алардын бири Эмгекчил айылынан келген Сабыр Жумабаев: “Нариманды тааныбаган эл жок. Анын элге берген жардамына, жасаган ишине мыкты баа берем. Биздин айыл колдойт. Сот үй камагына чыгарып, анан тергөөсүн улантсын! Калыстык, адилеттик болсун!”- деген оюн айтты.
Эскерте кетсек, “Бишкектин мэри болуп иштеген учурда автобус сатып алууда бюджетке зыян келтирген” деп айыпталган Нариман Түлеев 25-июнда УКМКнын тергөө камагына алынган болчу. Кийин дагы «бала бакчаларды жана жер үлүштөрүн мыйзамсыз сатты» деген айып коюлган.
Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg