Кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Төрөмаматов Чаткал районунун Сумсар айылдык округуна караган Шекафтар шаарчасынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун максаты Шекафтар шаарчасын кайрадан айылга айландыруунун алдында элдин көйгөйүн угуу болду. Бул жолугушууда жергиликтүү тургундар таза суу, жол, айыл инфраструктурасын жандандыруу маселесин көтөрүштү. Ошондой эле кен казып алып жаткан чет элдик компаниялардын ишмердүүлүгүнө сындар айтылды. Чаткал районунун акими Акматбек Таласбай уулунун айтымында, Сумсар айылдык округунда 6 миңге жакын эл жашайт. Ал эми Шекафтар шаарчасында 3 миңдей тургун бар.
“Тээ Союз маалында Шекафтар шаарча болуп катталып калгандыктан, учурда аны айылга айландыруу жана ал статусту кайра түптөө багытында кыйынчылыктар болууда”-, дейт аким.
Бул маалыматты тактоо максатында Шекафтар шаарчалык айыл өкмөтүнүн орун басары А.Таировго байланышка чыктык.
Элдин шаарча тибинен айыл тибине өтүүгө каршы болгонунан улам ушундай жыйынтыкка келдик”,- деп Шекафтар шаарча бойдон калгандыгын айтты.