Жалал-Абад шаарында айыл чарба азык-түлүктөрүнүн күзгү жарманкеси уюштурулду. Жалал-Абад шаарынын вице-мэри У.Маматовдун айтымында, жарманке учурунда өндүрүүчүлөргө соода орундары ижара акысыз берилет жана унаа токтотуучу жайлар сатуучулар менен катар кардарлар үчүн да акысыз кызмат кылат.
“Бул иш-чара үчүн “Береке” базарынын аймагынан атайын жер бөлүнүп берилип, калктын мөмө, жер-жемиштерди, эт, сүт, ун азыктарын арзан баада сатуу жана сатып алуусуна мүмкүнчүлүк берет”,- дейт ал өз сөзүндө. Мындай жарманкелер ар аптанын дем алыш күндөрү өткөрүлүп турмакчы.
Гүлжан Эшбаев
jalalabad@super.kg