Нарын шаарынын аймагына турак жай куруу үчүн жер тилкесин сурап кезекте тургандардын саны миңге чамалап барат. Жакында алардын маселеси каралуу алдында турат. Нарын шаарынын вице-мэри Алмаз Сурановдун айтымында, жер сурап кайрылган жарандардын арыздары 10 күн аралыгында каралып, такталып, ээлерине чакыруулар жөнөтүлөт. “Арыз жазгандардын жазылган жылдарына карап жерлер берилет. Айрымдары арыз жазып коюп эле кайра кайрылып, тиешелүү документтерди да толтурушкан эмес”,- дейт Нарын шаарынын вице-мэри Алмаз Суранов.