«БАТКЕНДИК ЖИГИТТЕРДИ СҮЙҮҮГӨ БОЛБОЙБУ?»

– Урматтуу “Супер-Инфо” гезитинин Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн жамааты! Сиздерге кат менен кайрылуумдун себеби төмөнкүчө. Жакында кокусунан Бишкекте шаардык бир кыздын “бир сонун жигит менен тааныштым, бирок ал баткендик экен...” дегенин угуп калдым. Ушул сыяктуу окуя кезинде менин башымдан өткөндүк­төн, ой бөлүшүүнү туура көрдүм.
Азыркы мезгилде Кыргызстанда, өзгөчө айылдарда жумушсуздук күч алып, элдин баары аккан суудай агылып шаарды көздөй жумуш издеп кеткен. Бул жагдай өрүкзарлуу Баткенге да жат көрүнүш эмес. Орусия, Казакстан жана башка өлкөлөрдү көздөй акча табуунун айласын издеп тентип кеткен мигранттардын саны күн санап өсүүдө.
Мен да эл катары Москва шаарында иштеп калдым. Жашпыз, сүйүү сезими бар-жок, бай-кедей деп ылгабай, атүгүл жердигине карабайт эмеспи. Бир бөлмөлүү батирде 11 киши жашачубуз. Жумуштан келсем, Кыргызстандан иштегени кыздар келишиптир. Таанышып калдык. Концерт мына ошондо башталды. Алар Талас менен Чүйдөн болушат экен, баткендик экенимди угуп, менден өздөрүн бийик сезип, ар нерселерди айтып, үстүртөдөн карап күлө башташты.
– Айткылачы, Баткенди силер кандай элес­те­тесиңер?- дедим
– Баткенде суу тартыш, жолдору боз ала чаң, көп кабаттуу үйлөр жок. Унаа каттамы аз, бир жакка барсаң, такси кызматынан пайдалана албайсың,- деп жылмайышты. Мен аларды угуп, абдан таң калдым.
Ошентип, жакындан тааныша баштадык. Мен аларга Баткен жөнүндө кеп салып, Баткенде башка облустардагыдай эле телерадиокомпания, дүр­күрөп иштеген сурьма, сымап комбинаттары, цемент заводу жана башка ишканалар, ЖОЖдор бар экенин, элинин меймандостугун, ынтымактуулугун, 60тан ашык улуттун өкүлдөрү жашаарын айтып, кыскасы, кеңири маалымат бердим. Кийин Сайкал аттуу кыз менен жумушка чогуу барып-келип, жакын болуп кеттик. Бир жыл кыз-жигит болуп жүрүп, баш кошуп, айтылуу Баткен жерине келдик.
Келинчегим менин айткандарым жалган эмес экенине өз көзү менен ишенди. Баткендин жигиттери башка облустун жигиттериндей эле адамгерчиликтүү, тамашакөй жана сүйө ала тургандыгын кымча бел, чийме каш бийкечтерге кабарлай кетейин. Кыргызстандагы 7 облустун эң кенжеси болгон Баткен борбордон алыс болгону эле эмес, Кызыл китепке кирип, коргоого алынган айгүлү жана көптөгөн дартка даба болгон өрүгү менен да белгилүү. Сайкалым айткандай, бул белгилүү болгондордун бир чети гана. Эң негизгиси, баткендик жигиттер укмуштуудай романтик экен.

Ырыс
Баткен шаары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (73)
Damir Muhambetovich
2012-10-02 02:40:40
Baary ele romantik Batken ele emes jaman bolynyp alyptyrsynar go.... Silerdei aigul bolso bashkalarda bashka nerse bar....
0
Мэри
2012-10-19 17:04:43
Мен да айтып келем, Кыргызстандын ар бир ташы мен үчүн кымбат деп. Баткен болобу, Ош болобу, Талас болобу, ал менин, сиздин, биздин Мекен да, башканыкы эмес! Ошон үчүн кененирээк ой жүгүртсөк болот эле...
+1
nurkalyi
2012-10-26 20:12:02
ээээ Батялар кыйынсынар негизи эле!)))) Айко
0
prezent
2012-11-25 09:33:38
салам!Баткендик жигиттер созуно бекем,айтканына бек турган жигиттер!Ошто атасын аке,дегендерди угуп журомго!кыскасы тияк бияк деп урушпай,бир жакадан баш,бир женден кол,бир шаымдан бут,бир чыныдан суу ичели,Баткенден болдом мен деле!!Орукзар алгааааа! баткендин жолу азыр коз уялтат,вооопще соннун а барып коргуло эми,узун жол бузулбасын ким корду кана жолун?
+1
samat__kg..
2012-11-25 11:01:34
Достор ачыгын эле айтып койойун тундук туштук деген илдеттен Кыргыздар эч качан арылбайт бул биздин каныбызда келе жаткан оору..жалганбы туурада ачыгын айтыш керек оозду сыйпалабай коруп туруп комоксон болбой..кандай коментарий бересин.Баткендин жигиттери мыкты Ал эми Оштун жигиттери мырк деп коментарий жок бере албайм..
0
kirgiz-i-ya
2012-11-28 21:43:03
Баткенди билбейм го бирок мен Лейлек районуна баргам. Ал жактын мейман достугу мага абдан жаккан. Адамдардын кичи пейилдиги мага кылган мамилелери жакшы болду. Чын эле жугоруну "мака" дейт экен.
+1
omu
2018-05-14 16:30:11
Мен Лейлектен болом.Жүгөрү менен Маканин айырмасы бар. Жүгөрү деп дүмбүл байлабайт. Дүмбүлү барыны мака дейбиз.
0
golyak
2013-01-01 10:27:42
Эмне деп коёт эле ммм "Мышык майга жетпей сасык дептир" дегендей эле кыласынарда. Биринчи жеткиле Баткенге анан суйлогуло...
0
Koreanka
2013-03-15 18:42:07
Кыргыздар болунбогулочу. пенденин баары бирдей баарынарды АЛЛА жараткан
+1
Sonun90
2014-03-12 21:22:45
Баткен аябай жакшы жер. Мен деле Баткендин келинимин. Озум Оштонмун. Бул жакта аябай коп башка жактан келин алгандар жана кыз бергендер. Туура салт санаасында, диалектисинде бир аз озгочолук бар. Бирок кооз жерлерден кем эмес,Эли меймандос, кичипейил келет
+1
madina.00
2014-03-13 02:42:04
Баткенге мен да келинмин))). Баягы айтып коет эмеспи жаман эл жок, жаман адам бар деп. А жолдошум тууралуу айта кетсем, мен издеп жургон чыныгы идеалдуу жигит,омурлук жарым Баткендик болуп чыкты. Журогун мн суйсон суйууго буйрук журбойт... А эли дили таза, меймандос келишет. Анан да озгочо жери тууган-уругуна аябай карамдуу келишет. А тугул тууган эмес жердеш эле болуп калса болду,созсуз колдорунан келген жардамдарын аябайт.
+1
gulmira91
2015-01-05 06:53:06
Каракулжадан отору Жооок
0
Leti
2018-05-15 09:28:02
Баткендиктер романтик болот)))))) дееееееееее
0
Jin1209
2018-05-15 11:20:16
Баткендиктер киси пейил меймандос эл болушат
0
Miss.erkewka95
2018-05-15 12:25:07
Баткенден ынсап кача элек!
Бизде кыска шорта, майка кийүү кыз балага жат көрүнүш! Эркектер менен теңме тең шарап ичүү аялдарга жат көрүнүш! Мен муну ынсаптуулук деп билем!
Орустардын "Не нация плохая, а люди плохие" деген цитатасын, жана кыргыздын "бир кумалак бир карын майды чиритет" деген сөзүн тиркей өтмөкчүмүн...)
0
tunushka
2018-05-15 15:58:57
Кайда турмушка чыксада бактылуу болсун аялзаты.
0
№ 515, 14-20-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан