Базар аралай жүрүп, кооздугу менен өзгөчөлөнгөн бешик, сандыктар көзүмө урунду. Көрсө, мындай буюмдарды жердиги Манас районунун Тамеки совхозундагы Качкынбү Сулайманованын үй-бүлөсү жасап, сатышат экен.
– Качкынбү, бешик, сандыктарды үйдө ким жасайт?
– Балам Алтынбек менен жолдошум Рахманкул жасайт. Мен минтип аларды базарга сатышканга чыгам.
– Бешиктин жабдуулары: боорток, жаздык, олпок, сырткы жабуусу абдан кооз экен. Буларды минтип кооздоо өзүңүздүн идеяңызбы?
– Ооба, кыз кезимден колум жөндүү. Эми минтип үй-бүлөбүздү багып жатабыз.
– Бешиктин жыгачы эмнеден?
– Карагай, кара жыгачтан. Булар бышык, бекем жыгач болгондуктан, көп колдонобуз. Өзгөчө карагайдан жасалгандары көп жылдарга кызмат кылат. Оңой менен чирибейт.
– Сандыкты да түрдөп жасайт экенсиздер...
– Талапка жараша үстүнөн, бет жагынан ачма кылып жасайбыз. Азыр той-аштын убагы болгондуктан, сепке деп сандыкты көп алышууда.
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg