7-сентябрда белгисиз адамдар “ЭкоИсламикБанктын” Кадамжай районунун Пүлгөн айылында жайгашкан акча сактоочу кассасына кол салышкан. Окуя төмөнкүчө болгон.
Түшкү тыныгуу учурунда аталган банктын 1994-жылы туулган Б.Примов аттуу кассири дайынсыз жоголот. Кийинчерээк кассадан ири суммадагы акча (2 миллион сомго жакын, 62 миңден ашуун рубль жана 14 миңден ашуун доллар) жоголгону билинет. Бул факты боюнча милицияга кайрылуу келип түшөрү менен тоноочуларды издөө операциясы башталган. Жергиликтүү РИИБдин кызматкерлеринин аракеттери менен 8-сентябрда кылмышка тиешеси бар деп шектелген адам кармалган. Иликтөөдө маалым болгондой, банктын кызматкери түштөнүүгө чыкканда тоноочулар ага кол салышкан. Маалыматтар боюнча, каракчылардын арасында аталган банктын мурдагы кызматкери бар. Банк кызматкеринин денеси окуя болгондон эки күндөн кийин Орозбеков айылынын аймагынан табылды. Учурда кылмыш фактысы боюнча иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу кененирээк эмки сандарыбызда маалымат бермекчибиз.