81 жаштагы аксакал жакында эле никесин жаңыртыптыр дегенди угуп, чын-төгүнүн тактоо үчүн иликтеп көрдүк. Көрсө, никесин эмес, нике күбөлүгүн жаңыртыптыр. Кээ бирлер аны туура эмес угуп, никесин жаңыртты деп алышкан экен.
81 жаштагы Оморбек Токтосунов Талас районунун Кара-Суу айылында жашайт. Байбичеси Уулкан Үмөталиева экөө 6 уул, 2 кыз, 16 небере, 8 чөбөрөлүү болуп, карылыктын бактылуу доорун сүрүп жаткан кездери.
– Байбичем экөөбүз 1957-жылы мартта баш кошкон элек. Андагы нике кагазы жука, 2 бүктөм эле болчу. Анан жакында эле 8 балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы берилет экен дегенди угуп, баягы нике күбөлүгүбүздү издесек жок. Нары-бери карап, таппаган соң жаңы нике документин алууга туура келди. Анысы да оңой эмес экен, толтура документти чогултуп жатып алдык. Керектүү жерге документтерди өткөрүп, эми дем тартып отурсак, эски нике кагазыбыз адабий китептердин биринин ичинен табылып жатпайбы. Кээ бирлер айткандай, мен нике эмес, нике күбөлүк жаңырттым-, дейт аксакал.
Оморбек карыя – айылдагы мечитти кайтарып сооп тапкан молдо адам. Учурда өз колу менен салган үйү эскирип калгандыктан, уулдары чоң ак там тургузуп жатышат.
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg