Юристтин кеӊеши. “УУЛУМДУ КАЙРА КАНТИП АЛАМ?”
– Күйөөм менен жашабай калганыма эки жылдан ашты. Ортодо эки балабыз бар. Экөө тең мени менен жашачу. Алты ай мурун мыйзамдуу түрдө сот аркылуу ажырашканбыз. Кичүү уулум мени менен, ал эми улуусу атасынын колуна кеткен. Улуу баламдын начар багылып, тескери тарбия көрүп жатканын көрүп, кайра колума алайын дегем. Бирок күйөөм мага “сен баладан баш тарткансың, мына, колуң турат бул жерде” деп бир документ көрсөттү. Көрсө, мен орус тилин түшүнбөгөндүгүмдөн сот учурунда “баламдан баш тартам” деп кол коюп берип коюптурмун. Эми кайра кантип уулумду колума алам?
Калипа, Бишкек.
СУРООГО “АБДРАХМАНОВ И КО” ЮРИДИКАЛЫК ФИРМАСЫНЫН ЮРИСТИ
НАЗИРА АБДЫРАКМАНОВА ЖООП БЕРЕТ:
– Балаңызды кайтарып алууга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Биринчиден, ал үчүн далилдөөчү документтерди толук чогултуп, сотко доо арызы менен кайрылышыңыз керек. Экинчиден, ЖПКга ылайык, эгерде тараптардын бирөөсү орус тилин түшүнбөсө, анда котормочуну соттук процесске катыштырууга тийиш эле.
Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Кыргызстан болуп туруп бут документтер орус тилинде....Бийликтегилер эмнени карап атышат
Бала эне менен калыш керек.эненин мээриминдей мээримдм ал балага ким тогот.Сотту жок эле берип койсо болот ошол адам.
Менин билишимче бала 12 жашка чейин ЭНЕ м-н болуу к-к,андан ары озу тандайт го?
Кыргыз тилин эмне мынча кордодук, эмне иш кагаздарын Kыргызча кылса Россиядан буроо келип сотомок беле чондордун акылсыздыгы.
oruschalap otchet berip jatkanda, kyrgyz tili bosogodon bash bagat degen ushuda.. Eh attin
Саламатсыздарбы супер инфо жамааты,мумкун бо суроомду юристин кенеши рубрикасына берип кое аласыздарбы,менде мындай суроо,менин эжем бар ,ал азыр куйоосу мн мыйзам турдоо ажыраша албай журот себеби куйоосу макулдугун бербей жатат,эжем жогорку билимдуу,2 кызы бар.Куйоосу аларга ата катары эчнерсе кылган эмес,эжеме кол которуп электрошокер баскан куну болгон.Ал эми кантип ажырашса болот?
zurayana, Саламатсызбы!
Жооп алып бергенге аракет кылабыз.