3-сентябрда болжол менен кечки 7лерде Фольксваген-Гольф-2 үлгүсүндөгү машинанын ээси Бактыбек Алтымышов Тараз-Талас-Суусамыр кан жолунун 115-чакырымында баратып, жолдон чыгып кеткен. Даракты сүзүп, өзү жана 3 жүргүнчүсү түрдүү жаракат алышкан. Натыйжада автокырсыкка кабылган 4-жүргүнчү – Талас шаарынын тургуну, 1959-жылы туулган Ш.Н. алган жаракаттан улам ошол жерде каза тапкан.