Учурда Талас облусу боюнча согуш ардагерлеринин 105и гана бар. Жалпысы Таластан фронтко 13 миң 860 адам аттанып, алардын 7 миңден ашыгы кан күйгөн согуш талаасында курман болушкан. Алардын арасында Советтер Союзунун Баатырлары: Асанбек Оторбаев, Чолпонбай Түлөбердиев, Василий Петрищев жана башкалар бар. Облустун 67 айылында курман болгондорго эстелик тургузулган. Аптада ардагерлердин жашоо шартына кам көрүү тууралуу айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү обладминистрацияда маселелер козголууда.