3-сентябрь күнү болжол менен эртең мененки 8дерде Мазда-626 үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу Тараз-Талас-Суусамыр жолунда баратып, 2003-жылы туулган Кубанычбек уулу Эргазыны коюп кеткен. Окуядан улам Көк-Токой айылында жашаган жаш бала ошол жерде көз жумуп, жашоо менен кош айтышкан.
Акыркы кезде адам өмүрүн алган автокырсыктар арбын болууда. Айдоочулар жол жүрүү эрежелерин туура сактаса, мындай окуялар болмок эмес.
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg