СОКУЛУКТУК ДЫЙКАНДАРДА ТЕХНИКА КӨЙГӨЙҮ КҮЧ

Быйылкы жайдын кургакчыл болушу өлкө боюнча дыйканчылык иштерине таасир этип, түшүмдүүлүк ылдыйлап кеткени айтылууда. Жер соорусу аталган Чүй аймагында абал кандай? Бул тууралуу билүү үчүн Сокулук районунан кабар алдык.

СТАТИСТИКА КАБАРЛАЙТ
Сокулук району боюнча быйыл түшүмдүүлүк бир кыйла төмөн. Маалыматка ылайык, быйыл жалпы район боюнча 48 945 гектар дан эгиндери айдалып, андан 83 649 тонна эгин жыйналды. Мунун ичинен буудай – 48 472 тонна, арпа – 34 939 тонна, сулу – 104 тонна. Бул былтыркы көрсөткүчкө салыштыра келгенде 46 миң тоннага аздык кылат. Дан эгиндеринин түшүм берүүсү гектарына 17,3 центнерден айланган.
Ал эми жашылча-жемиштер боюнча маселе жокко эсе дешет райондук агрардык адистер. Быйыл жалпы 3213 гектар жерге жашылча айдалса, гектарынан 180 центнерден түшүм алынып, бүгүнкү күндө 57 850 тонна түшүм жыйналыптыр.
Сокулук мамлекеттик администрациясын көздөй баратып, талаада эгин жыйнап жүргөн Григорьевка айылынын дыйкандарына кайрылып ал-абал сурап калдым. Баарынын сөзү бир, жылдын кургакчыл болгону. Анан да өкмөттүн дарегине сын айтышып, рыноктук шартта эмес, дыйкандар өндүргөн товарга туруктуу бир баанын болушу башкы талап экенин жобурашты.

«БААРЫ АЗ КЕЛГЕНСИП, СУГАТ СУУ ДА ТАРТЫШ»
– Жаан-чачын аз болуп, дыйкандарга быйыл оор эле болду. Эгин былтыркыдай эмес, арпа менен буудайды гектарына 500 килограммдан алып отурабыз. Мурунку жылдары 3 тоннадан кем алчу эмеспиз, болбоду дегенде 2,5 тонна алчубуз. Жүгөрү жыйноону жаңы баштадык, негизи, гектарына 8 тонна түшүм бериши керек. Бирок быйыл 5 тоннадан айланат го деп турабыз. Анысы аз келгенсип, быйыл сугат суу да тартыш болуп туруп алды.
Дыйкандардын арпа менен буудайын мамлекет сатып алса, эл базар экономикасынын зыянын аз тартмак. Азыр баары базарга байланыштуу болуп жатат. Мисалы, бүгүн базарда арпа 10 сом болсо, эртең 15 сомго чыгып кетиши мүмкүн. Бизге, дыйкандарга ошол 10 сом жетиштүү, короткон эмгегибизди актайт. Бирок дыйканчылык кылбаган элге күч келип жатпайбы. Өкмөт «быйыл жүгөрү мынча сом, арпа менен буудайдын баасы мынча» деп бир калыпта бааны кармап бергенде жакшы болмок. Пейилге да жараша болуп жатат окшойт. Союз маалында арпа-буудай кенен болуп, аттар да жейт эле, азыр элдин өзүнө жетпей калды,- дейт Рамис аттуу дыйкан.

Айтор, биринен-бири жарыша сүйлөп, «өкмөт дыйкандарга колдоо көрсөтсө» деген өтүнүчтөр жаады. Анан да «бизге окшош дыйкандарга өлкөдө тынчтык эле болуп турса жетиштүү» дешип, азыркы саясатчыларга да нааразычылык айтканга жетишишти.

«ТРАКТОР, КОМБАЙНДАРДЫН ЭСКИЛИГИ ЖЕТТИ»
Андан кийин жалпы район боюнча дыйканчылык иштери тууралуу сурап, Сокулук районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Марат Майгулаковго кайрылдык.

– Быйыл климатка байланыштуу түшүмдүүлүктүн төмөн экени айтылып жатат, сиздердеги дыйканчылыктын абалы кандай?
– Албетте, аба ырайынын катаалдыгы бизге да таасирин тийгизди. Түшүмдүүлүк былтыркыдан начар, өзгөчө кылкандуу дан эгиндери боюнча көрсөткүчтөр төмөндөп кетти. Сугат жерлерде түшүмдүүлүк жакшы болгону менен, жаан-чачынга көз каранды болгон кайрак жерлерде чын эле аз жыйналды.

– Аба ырайы эле себепкер болдубу? Дыйкандар быйыл суунун тартыш болгонун айтышты...
– Чын эле быйыл суу абдан тартыш болду. Күн ысык болгондон кийин суу тартыштыгы жаралат экен да. Эми-эми гана айдоо аянттарына толук жете баштады. Азыр күздүк айдоолор башталып, бүгүнкү күнгө карата район боюнча 3 миң гектардан ашык жер сугарылып, айдалып бүттү. Суу тартыштыгын бир эле биздин район эмес, башка райондор да жон териси менен сезишти.

– Күздүк айдоолор башталды, дыйкандардын дагы бир көйгөйү – үрөн маселеси кандай?
– Үрөн боюнча өтө деле олуттуу маселе жок. Баары акырындап чечилип жатат, анын үстүнө районубузда бир катар үрөн чарбалары иштейт. Мисалы, «Рассвет» деген үрөн чарбасында азыр буудайдын бардык сорту боюнча 300 тонна үрөн бар. Баалары эркин түрдө, 27 сомдон 37 сомго чейин. Мындан башка да чарбаларда үрөндүн запастары бар.

– Көпчүлүк райондордо техника жетишсиздиги бар, сиздердечи?
– Техника тартыштыгы болбосо да, бүт эски техникалар иштеп жатат. Жаңы, заманбап техникага муктажбыз. Трактор, комбайндардын да эскилиги жетти. Өткөндө бир фирма менен чогулуш өткөрдүк. Ал фирманын өзүнүн жаңы трактор, комбайндары бар. Биздеги тракторлор саатына 20-25 гектар айдаса, булардын техникалары 50 гектарга чейин айдай алат. Алар менен сүйлөшүү жүргүздүк, мындан ары алардын кызматын пайдаланып, дыйканчылыктын сапатын арттыруу маселесин карап жатабыз.

Баба дыйкандардын абалы ушундай. Бирок түшүм, тоют аз болгондугуна байланыштуу кышка камылга да эрте көрүлүп жатыптыр. Эмнеси болсо да жакшылыктан үмүт этип туралы.

Автандил Добулбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан