ТАЗАЛЫКТЫ САКТАЙЛЫ, ТАЗА СУУНУ БАРКТАЙЛЫ

Баткен облусу боюнча аймактык бөлүмүбүз ачылганынан кабарыңыз бар чыгар. Эми өрүкзарлуу Баткендин коомдук-саясий жана маданий турмушун, элдин кубанычы менен көйгөйлөрүн чагылдырып турмакчыбыз. «Чү» дегенде эле актуалдуу болгон таза суу жана тазалык меселесине кайрылууну чечтик. Максат – кемчиликтерди көзгө сайып көрсөтүү же күнөөлүүлөрдү табуу эмес, маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу, чечүү жолдорун издөө.

73 АЙЫЛДАТАЗА СУУ ЖОК
Таза суу маселеси – Баткен элинин жүрөгүн ооруткан, азапка салган эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Адамзат цивилизациясы өнүгүп, Марстан суу табылып жаткан мезгилде мөңгүлөргө бай Кыргызстандын эң чакан облусунда таза суу маселеси али чечиле элек. Статистикага таянсак, облустагы 198 айылдын 125и (63 пайызы) таза суу менен камсыз болгон. Калган 73 айылдын 37синде өкмөттүк эмес уюмдар көмөктөшүп, ар кандай долбоорлордун негизинде бул маселени чечүү иштери жүрүүдө. Алыс барбайлы, облустун борбору – Баткенде да таза суу белгилүү бир убакытка гана чыгарылат. Ага коңшу Кара-Бак, Чек айылдарына таза суу чыгарылса да, айыл тургундарына толугу менен жетпейт. Алар Баткен шаарынан ташып ичишет. Бул маселе боюнча жергиликтүү элдин оюн уксак.

Үмүт Үсөнов, Баткен шаарынын тургуну:
– Бизде таза суу маселеси өтө кыйын. Суу эртең менен 7:00дө 2-3 саатка чыгат. Жетишсек алып калдык, болбосо күнү кечке суу жок калабыз. Мурда бир саатка көбүрөөк чыкчу. Ошол крандан чыккан суу менен чарбагыбыздагы 5-10 түп өрүктү сугарганга жетишет элек. «Суу маселесин чечип бергиле» деп Шаардык суу башкармалыгына кайрылганбыз. Майнап чыккан жок. Ушул көйгөйүбүз чечилсе экен деген үмүт менен күн өткөрүп келебиз.

Мураталы Мавлянов, Баткен шаарынын тургуну:
– Биздин көчөдө суу күнүнө эки саат агып, кайра токтойт. Үлгүрсөң идиштерге толтуруп аласың, үлгүрбөсөң жок. Кээде бир нече күн чыкпай калган учурлар болот. Андайда жаныбызда жер астындагы суу агат, завир деп коёбуз, айла жоктон ошол булганыч сууну пайдаланабыз. Суу үчүн салыгын убагында өндүрүп алышат. Сууну жок дегенде түшкө чейин агызып коюшса болбойбу?

Суу чыккан аймактарда да суу тартыш. Бул тууралуу тиешелүү органдын өкүлү эмне дейт?

Алихан Өтөнов, Баткен шаардык «Таза суу» коомдук бирикмесинин жетекчиси:
– Баткен шаарына суу шаардан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Сары-Таш жайлоосунан алынып келинет. Техникалык мүмкүнчүлүгүбүз чектелүү болгондуктан, азырынча суу аз өлчөмдө гана жер түбүнөн сордурулат. Шаар 5 кварталга бөлүнгөн. Анын баарына суу кезектешип чыгарылат. Эртең менен саат 6:00дөн 19:00гө чейин. График менен иштебесек, эч бир кварталга жетпейт.

– Шаарда канча суу түтүктөрү бар?
– Шаар боюнча 1000ден ашуун суу түтүктөрү бар. Өкүнүчтүүсү, суу түтүктөрүнүн жарымынын кудукчаларынын капкактары уурдалып, темирге сатылып кеткен. Бул боюнча күч органдарына кайрылганбыз, бирок натыйжа жок.

– Таза суу үчүн төлөмдөрдү жарандар өз убагында төлөшөбү?
– Жок. Суу үчүн ар бир жанга айына 14 сом 63 тыйын алуу каралган. Ошол эле учурда ата-энелер балдарынын чөнтөк телефонуна 1000 сомго чейин бирдик салып беришет. Ичер суусу үчүн кызганышат. Биз эмне үчүн төлөмдөргө көңүл бурабыз, анткени бизди өкмөт каржылабайт,- деп билдирди.
Ал эми «жер түбүнөн сууну элге кенен жетчүдөй сордурса болобу?» деген сурообузга «суу түтүктөрүн оңдоого акча жок болуп жатат» деген жооп алдык.

ТАШТАНДЫЛАР ҮЧҮН ЧЕЛЕК ЖОК
Баткен шаарында суудан кийин эле тазалык маселеси турат. Шаарга келип борбордук көчөлөрүн айланар замат көзгө урунган терс көрүнүш – жыйналбай жаткан таштандылар. Бул жаңыдан өнүгүп келаткан шаардын көркүн бузуп гана тим болбостон, жугуштуу ооруларга да алып келиши мүмкүн эмеспи. Шаардын негизги көчөлөрүнө таштандыларды салуу үчүн атайын урналарды орнотуп койсо болбойбу?

Дыйканалы Жунусалиев, Баткен райондук Санэпидемкөзөмөлдөө борборунун биринчи орун басары:

«БЫЙЫЛ ЖУГУШТУУ ООРУЛАР КӨП КАТТАЛДЫ»
– Таштандыларда жайкысын чымын-чиркей көп чогулуп, жугуштуу оорулар пайда болот. Былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл жугуштуу ичеги-карын оорулары көп катталды. Ушулардын баары таштандыларды жыйноо жакшы жолго коюлбагандыгынан, коомдук тамактануучу жайлардын талапка жооп бербегендигинен улам келип чыгууда. Ошондой эле эки базардын жанындагы көчө боюнда сатылып жаткан мөмө-жемиштер да санитардык нормаларга жооп бербейт. Анткени жолдон автоунаалар өтүп, чаң болот.
Негизи, сатуучуларга базардын ичинде сата тургандай кылып шарт түзүлүп берилсе жакшы болмок. Эми бул боюнча өкмөттүн токтому менен өзүнчө санитардык инспекция ачылган. Алар шаардагы акыр-чикирлер, базарлар, ашканаларды көзөмөлдөп турушат. Буга чейин биз көзөмөлдөп келгенбиз.

Шаар тургундарынын оюн билүү максатында Мээрим аттуу айымга кайрылдык.
«ШААР БОЛГОНДОН КИЙИН ТАЗАЛЫК ЖӨНГӨ САЛЫНСА»
– Мен көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турам. Көпчүлүк ташдандыларды ушул көп кабаттуу үйлөрдүн жанына алып келип төгүшөт. Кээде 1 айга чейин таштандылар тазаланбай, чогулуп кетет. Жаш балдар жанында ойношот. Жаман жыттар да пайда болот. Шаар болгондон кийин тазалык жагы жөнгө салынса.

МЭРИЯ ЭМНЕ ДЕМЕК ЭЛЕ?..
Мэрдин орун басары Гүлсүн Рыскулова бул маселе боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

– Чынында, каражат жетишсиз. Мамлекеттик бюджеттен негизги көңүл шаарыбыздын социалдык тармагына бурулуп, каражаттар бөлүнүп бекитилген. Урналарды орнотуу планыбызда бар. Бейөкмөт уюмдар менен иштешип жатабыз.
Мына ушундай, окурман. Баягы эле кептер. Эми мэриядагылардын мүмкүнчүлүгү көп. Бир айласын таап, өзүбүз басып жүргөн көчөлөрдүн тазалыгын камсыз кылат деп ишенебиз. Өз кезегинде шаардын жашоочуларын да таштандыларды таштабай, тазалыкты сактоого чакырабыз.

Алибай Айдаров
batken@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан