КАРЫЛАР ҮЙҮНДӨ ДА ТАТТУУ ТҮГӨЙЛӨР БАР

«Карысы бардын ырысы бар» дейт элибиз. Качантан берки карылар үйүнүн ал-акыбалын көрүп келүү оюм орундалып, Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Октябрь айылындагы карылар үйүнө баш бактым. Үч кабаттуу имарат экен. Түштөнүү маалында барган экенмин, тамактанып жаткан карыларга жолтоо болбоюн деп аталган жайдын жетекчиси Майрам Узакбаеваны сөзгө тарттым.

«ЖАШ КЕЗДЕ ОЙЛОНУП ИШ КЫЛСА, МЫНДАЙ ЖЕРГЕ КЕЛМЕК ЭМЕС»

– Саламатсызбы? Карылар үйү, дегеле андагы жашоочулардын күнүмдүк турмушу тууралуу айтып өтсөңүз...
– Сузак райондук карылар жана майыптар үйү – Кыргызстандын түштүгүндөгү кароосуз калган карыларды, майыптарды тейлеген жападан жалгыз мекеме. Имараты Улуу Ата Мекендик согуш аяктаган жылы курула баштаган. Кийин Союз ураганда курулуш иштери токтоп, корпустар чала бүткөн боюнча калган. Учурда карамагыбызда 96 кары бар. Кээде 110го чейин жетип, кээде төмөндөп кетет. Каза болуп калгандар болот. Кээде эрежеге каршы чыгып, баш ийбей койгондорду кетирүүгө аргасыз болобуз. Көбүнчө жашы 70-90дун аралыгындагы адамдар. Аракечтер, селсаяктар да аз эмес. Смета боюнча, ар бир кишинин бир күндүк тамак-ашынын баасы 55 сомду түзмөк. Бирок демөөрчүлөрдүн жардамы менен учурда ар бирине 75 сомдон сарпталууда. Ал эми жумушчулардын саны 65, көпчүлүгү бир жарым ставка менен иштешет. Бир жылда бир жолу Октябрь райондук ооруканадан кароодон өтүп турушат.

– Бул жерде кайсы улуттун өкүлдөрү көп?
– Орус улутундагылар басымдуулук кылат, анан эркектер. Кыргыздарда аял кишинин кароосуз калганы азыраак болот окшойт.
Бир жолу бир кары түшүп калды. Жогорку билимдүү, ар кандай жогорку кызматтарда иштеп жүргөн адам эле. Анын биринчи аялынан бир бала калган экен таятасынын колунда, кийин ошол таштап кеткен баласы издеп келди. Бир күнү ал киши катуу ооруп калды. Баласы келип «ата, алып кетейин» десе, такыр көнбөйт, «мен сени баккан, тарбия берген эмесмин, карыганда сага доомду арткым келбейт» деп. Кийин ал киши каза болуп, баласы келип сөөгүн алып кетти. Ошондуктан жаш кезде ойлонуп иш кылса, мындай жерге келмек эмес деп ойлойм.

– Сиздерге жардам бергендер болобу?
- Жогорку кызматта иштегендер менен бизнесмендерге караганда, жөнөкөй, адамдар көп жардам беришет. Айт майрамдарынын алдында этти жеп түгөтө албай калабыз.

«20 ЖАШТАГЫ КЫЗ 75 ЖАШТАГЫ АДАМГА ТУРМУШКА ЧЫГЫП...»
Майрам эже менен маектеше ашкана тарапка бастык. Ичимден «кандай тамактарды жасашат болду экен?..» деп бара жаттым эле, жок, тамактары жакшы экен. Даамдап да көрүүгө жетиштим. Эти жогу эле болбосо, кадимки даамдуу тамак... Коридордо бара жатсам, өзүнчө күбүрөнүп сүйлөшкөндөрдүн дабышы, онтогон үндөрү угулуп жатты. Алар оор акыбалда жаткан карылар экен. Тынчын алып кирген жокмун. Бирде эч нерсе билбей жаткан карыга көзүм түшсө, бирде бир бөлмө тубаса майыптарга... Баса, бул жайда түгөйүн таап, бактылуу болгондор да жок эмес экен. Майрам эже түгөйлөрдүн бирин көрсөтүп: «Аты Марина. 20 жашта. Өзү тубаса майып. Мага кирип эле «Аман байкени (75 жашта) сүйүп калдым» дей бергенинен баарыбыз чогулуп той жасап, экөөнү үйлөнтүп койдук»,- деди. Бактылуу түгөйлөр сүрөткө түшүп бергени менен, маектешкенден баш тартып коюшту. Алар үчүн атайын бөлмө бөлүнүп берилген экен. Андан кийин сыртта отурган Эсенаалы аттуу аксакалды кепке тарттым.

– Бул жерге кандайча келип калдыңыз эле?
– 2005-жылы 7-сентябрда келгем. Өзүм Казармандан болом. 1942-жылы 7-майда төрөлгөм. Жашым 72де. Балалуу болгон эмесмин. Кемпирим каза болгондон кийин көзүм жакшы көрбөй калды. Ошондон соң айыл өкмөтү мени бул жакка жөнөттү. Болбосо карылар үйүнө келейин деген оюм жок болчу. Туугандарымды да Кудай менден эрте алды. Бир тууган агам бар эле, көзү жакшы көрчү эмес. Мен бул жакка келгенден кийин анын да кемпири каза болуп калды. Аны баласы карап жүргөн, анан ал уулу да каза болуп калыптыр. Алардын артынан агам да кете берди. Мен аны кийинчерээк уктум.
Бир күнү ушул имаратты бойлой басып жүрсөм, алысыраак бир карындашымды көрүп калдым. Ошол карындашым айтты агамдын каза болгонун. Ашканага тамактанганы киргенде куран окуп койдум. Эмне кылмак элем башка? Ошондон бери ушул жердемин. Калп айтпайын, жакшы карашат. Тамак-аш, кийим-кечек, баары ойдогудай, ыраазы болуп отурабыз. Өкмөттүн жакшылыгы ушул да, жаткырып багып жатат.

– Жаш кезиӊизде ким болуп иштедиңиз эле?
– Менин иштебеген ишим калган эмес, кызым. Ал кезде машак терчү элек. Тракторчу да, комбайнчы да болдум. Чалгы чаап, орок оруу деген нерселер мага көнүмүш иш болчу.

«ЧЁРНЫЙЛАР» САБАП КЕТИШТИ»
Бул жерде жалаң карылар эмес, түрдүү себептер менен жашап жүргөн жаштар да бар. Коридордон майыптар арабасында отурган жаш жигитти көрүп, аны маекке тарттым.

– Атың ким?
– Абдыкар. 1989-жылы 13-майда Ош облусунун Чоң-Алай районунда төрөлгөм.

– Бул жерге кантип келип калдың?
– Келгениме 8 айга чукулдап калды. Жаңы келгенде буту-колум иштечү эмес. Азыр колдорум жакшы иштеп калды, буюрса. Көзүм болсо бир адамды алтоо кылып көрсөтчү. Азыр, Кудайга шүгүр, көрүүм да жакшырды.

– Эмне себептен буту-колуң иштебей калды эле?
– 2009-жылы Бишкекте дү­көндө түнкүсүн кароолчу болуп иштечүмүн. Бир күнү жумуштан чыгып баратсам, бирөөлөр сабап кетишкен. Ошол маалда жарытылуу акчам деле жок болчу. Башым сыйрылган да, жарылган да эмес. Көрсө, соккунун күчү башымдын ичине түшүп кетиптир. Бир жарым айдай башым ооруп жүрдү. Бир нерсе жесем эле кусуп салам. Бир күнү уктап турсам эле оң тарабым иштебей калыптыр. Анан да көзүм кыйшайып, сүйлөй албай калдым. Арадан 2-3 саат өтүп, бутум кайра иштей баштады. Ошентип, Чоң-Алайга, ата-энемдин жанына бардым. Ал жакка барып эле тоого чыгып кетиптирмин, өзүмдүн эмне кылып жатканымды билбей. Анан ата-энем Ошко алып келип томографияга түшүрүштү. Ал жерден туура эмес диагноз коюлуп, менин оорума тиешеси жок дарыларды ала берген экенмин. Мындан улам эки колум, эки бутум таптакыр иштебей, кулагым жакшы укпай калды. Кийин башымда жаракат бар экени аныкталып, ошондо гана туура дарылана баштадым. Тилекке каршы, аябай кеч болуп калган экен.
Мени ооруканадан «колубуздан эч нерсе келбейт» деп чыгарып салышты. Ошондон кийин Базар-Коргонго келдим да, 8 ай молдого каттап, бир аз буттарыма жан киргендей болду. Анан бул жерге алып келишти. Мында машыгуучу бөлмөгө кирип алып, бар күчүм менен аракет кыла бердим. Мурда бутума ийне сайсам билинчү эмес, азыр ургуласам ооруксунат. Бир нерсени кармап тура алам, анан кадам шилтөөгө келгенде эле оорчулук жаралат. Бутум өзүнөн-өзү титиреп, ийилип кетет. Буюрса, басып кетсем экен деген үмүтүм чоң.

–Кайсы балдар урганын эстей аласыңбы?
– Ал балдардын жүзү эсимде калган эмес. Мен бир окуяны эстей берем да. Бир күнү жумушта отурсам, дүкөндүн жанына кычыраган эки Жип келип токтоп калган. Аркы бетте турган жол коопсуздугу кызматкери келди да, алар менен ийилип саламдашып, кайра аркы бетке жүгүрүп кетти. Алар дүкөнгө киришти да, сатуучу кыздарга тийише башташты. Товарларды, нандарды чачып, тепкилеп жиберишти. Мен өз милдетимди аткарып, аларды чыгарууга аракет кылдым. Кыздар болсо сигнализацияны басууга үлгүрүшкөн экен, патрулдар келип, алар да унчуга албай кетип калышкан. Дүкөндүн ээси уйгур болчу, ал келип тигилердин машинасына сыралардан бери өзү жүктөп берип араң кетирген болчу. Ошондо алардын бири мага «сен аябай эле өзүңө ишенген бала экенсиң, абайла!» деп кеткен. Ошондон 3 күн өтпөй таңкы саат 6ларда мени сабап кетишти. Балким, ошол «чёрныйлар» эле болсо керек деп ойлойм.

– Ата-энең менен кабарлашып турасыңбы?
– Ооба. Үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз. Менден кичүү иним бар. 2 карындашым бар эле, каза болуп калышкан.

– Ата-энеңдин жашы канчада?
– Чынын айтсам, унутуп калдым. 50гө жакындап калышты го... Акылым кирди-чыкты болуп жүрүп, өтмүшүм элес-булас эсте калгандай.

– Ким болгуң келчү?
– Кичинемден жан сакчы болсом дечү элем. Тилегим орундалбай калды окшойт... Бишкекте жүргөндө да Чыгыш-5 кичирайонундагы спортзалга барып тынбай машыгып турчумун.

– Сүйлөшкөн кызың бар беле?
– Бар болчу мурун. Бир эмес, көп болчу. Азыр алар күйөөгө чыгып кетишкендир...

– Азыр да кыздар менен сүйлө­шөсүңбү?
– Ооба, өздөрүн көрбөй эле телефондон сүйлөшө берген кыздар да баары. Аларга Бишкекте банкта иштейм деп коём...

Мына ошентип карылар үйүнөн кайттым. Баарыбыз картаябыз. Бирок улгайган убакта бала-чака, небере-чөбөрөнүн маңдайында дөө­лөт­түү карылык сүрүү буюрсун дейли.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Мика
2012-09-24 14:37:11
Карылардан кут кетпесин деген чын окшойт. Небереси менен тен кызды аял кылып алуу акылга сыйбайт. Же азыр заманда боло береби?
0
Мэри
2012-09-24 17:08:29
Эки бакыр - бир тукур деген ушул.
0
Rostov-on-Don
2012-09-24 19:34:06
Жашта берсин мээнетти,карыганда берсин доолотту,деп тиленем
0
Mirza-Ake
2012-09-29 23:27:47
Э кудай сактасын ушундай карылыктан.Баарыбыз карыйбыз.Ким билет эмне болушту!!!
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан