8-МАРТТА КӨЙГӨЙ КӨП

Жакында редакциябызга 18 жаштагы Гүлжан аттуу кыз келип, Нарын районундагы 8-Март айылынын көйгөйүн айтып, кичи мекенинин абалын жалпы журтка жеткирүүгө жардам сурап кайрылды. Гүлжандын айтуусу боюнча, айыл таптакыр каралбай калган. Көпүрөлөр иштен чыгып, элге убаракерчилик жаратып жатат.

АЙЫЛДЫН ТЕҢИ ТЕЛЕВИЗОР КӨРҮШПӨЙТ
Ошентип, Нарын районунун 8-Март айылына жөнөп калдым. Жолдорунун жаман экенин мындан билиңиз, Нарындан чыгып ал жакка жеткиче бир да машина көргөнүм жок. Атүгүл мага айылда эч ким жашабагандай туюлду. Айылга кире бериште чоң көпүрө бар экен эле. Ушул жазда катуу сел жүрүп, айылдын ортосундагы бул көпүрөнү агызып кетиптир. Селден кийин ал жердеги машиналар аңга кирип, кайра чыгып жүрүүгө мажбур. Эми минтип суук түшөрдө жашоочулардын тынчы кете баштады. Кыш кирсе, тайгалактан бир да машина бул жерден өтө албай калары бышык. А кантип районго каттабай жашашат? Эч кур дегенде төрөт үйүнө жана ооруканага баруулары керек эмеспи.
Көпүрөнүн ары жагында үч айыл жайгашкан. Аралыгы анча алыс эмес, 8-Март, Ак-Кудук жана Шоро. Үчөөнө биригип бир айыл өкмөтү. Ар бир айылда бирден мектеп жана айыл башчылары бар. Алардын ичинен эң абалы начары – 8-Март айылы. Анда 13 көпүрө бар, 12син жазгы селде суу алып кеткен. Мектеп окуучулары, мугалимдер сабакка бара алышпай бир топ эле кыйналышат. 398 түтүн жашаган айылдын теңи телевизор көрүшпөйт. «Маалыматтан арттабыз, бир да телеканал тартпайт. Ким эмне болгонун шаарга барып келген элден чала-бучук уксак уктук, укпасак жок. Радио да тартпайт, жапайы болуп калдык»,- деп арманын айтты айыл тургуну Гүлсана айым.
Мындан бир жыл мурда айыл ичиндеги көпүрөлөрдү оңдоо максатында марафон уюштурушкан. «Ар бир үйдү кыдырып акча жыйнаганбыз. Ал акча кайда, эмне болгону белгисиз. Билсе Кылыч билет» дешкенинен Кылыч аттуу мырзага кайрылдык.

– Кылыч мырза, айыл өкмөтүндө эмне иш кыласыз?
– Менин жогорку билимим жок, эч жерде иштебейм. Дыйканчылык менен алекмин. Болгону, айылдык активистмин.

– Марафон уюштуруп, андан түшкөн акчанын кайда жумшалганын сизди билет дешүүдө...
– Менин марафонго кызыкдар болгонум, айылдагы көпүрөлөрдү оңдоого айыл өкмөтү такыр кийлигишпегендиктен, эл менен кеңешип, акча чогултуп, ага көпүрөлөрдү оңдоп алалы деген ой бар эле. Көпүрөлөрдүн абалы, өзүңөр көрүп тургандай, эң начар. «Көп түкүрсө көл болот» демекчи, эл деген эл да, көпчүлүгү макул болушуп, 20 миң сом чогулду. Ал акча эч нерсеге жетпейт. Ошондуктан Нарында жашаган айылдыктар менен Бишкек шаарындагы биздин айылдан чыккан атуулдарга «Айылга жардам» аталышындагы марафон уюштурдук. Чыныбай Турсунбеков, Нарынбек Молдобаев, Нариман Түлеев өңдүү депутаттарга, өзүбүздүн агабыз Карганбек Самаковго жардам сурап кайрылганбыз. Көпчүлүгү келип, жардамдарын көргөзүштү. Жалпы
120 миң сом акча чогулган. Ал жакка Карганбек Самаков келбей калып, кийин айылга келип, майда көпүрөлөрдү жасатып берерин айткан.

– Жасап бердиби?
– Эми гана түтүктөрдү берип жиберип, жаңы салынганы жатат.

– Марафондон түшкөн акчалар кайда ошондо?
– Ал акча менде. Айыл өкмөтүнө берген эмеспиз, анткени «бюджеттен түшкөн акчага аралаштырып отчётун чыгарып коёт» деп эл акча үч жигитте сакталсын деп чечкен. Мен өзүбүздүн айылдан чогулган акчаны сактап жатам. Айыл өкмөтүнөн жардам сураганыбызда бир сом берем же бербейм деп айтпай басып кетти. Айылдын бюджетине мамлекет тарабынан жакында 380 миң сом которулган экен, мына ошол акча менен чоң көпүрөнү бүтүрүшсө, жетпей калган жерине биздин акчаны жумшайлы дегенбиз.

«АРАКЕТ КЫЛЫП ИШТЕЙБИЗ, БИРОК ЭЛ АНЫ БИЛБЕЙТ»
Бул айылдарда көйгөйлөр абдан көп экен. Эң эле жөнөкөй мисал, телефон тартпайт. Ар кайсы жерге барып антенна тартчу жерди издеп, анан телефон чалууга мажбур болушат. Тургундардын айтымында, мындан бир ай мурун кайсы бир компаниянын кызматкерлери келишип «антенна коёлу» деп суранышканда айыл өкмөтү «ижара төлөгүлө» деп койдурбай койгонун жергиликтүү эл айтып капа. Бул туурасында айыл өкмөт башчысы Кубанычбек Черткиев:
– Биринчиден, мага эч кандай компаниядан киши келген жок. Келсе жакшы болмок, жөн эле койдурмакпыз. Биз деле аракет кылып иштеп жатабыз, бирок аны эл билбейт. «Айыл өкмөтү андай-мындай» деп айта беришет.

– Марафон туурасында маалыматыңыз барбы?
– Марафон боюнча мага эч ким кайрылган эмес. Эл өзү ич ара бөлүнүп, бизге айткан жок. Мен ден соолугума байланыштуу кийлигише албай калдым.

– Сизге кайрылса канча сом берет элеңиз?
– 5000 сом берейин деп жаткам. Айтып жатпаймынбы, бутум сынып, ооруканадан кеч чыктым. Ушул көпүрөлөрдү оңдоп берип, жаңы шайлоо болсо, башка бирөөсүнө өткөрүп берем. Буюрса, кеткиче көпүрөлөрдүн көйгөйүн чечип берем,- деди ачуусу келип.

Ошентип, элдин абалы менен таанышып, айылдан кетип жатканыбызда «биздин көйгөйлөр эртерээк чечилсе экен. Чоңдорго айтып койгулачы» деп эл чуулдап узатып калды. Айылдан чыгып, баягы көпүрөнүн жанына келдик. Көпүрөнү оңдоп башташыптыр. Өзүн Нарын шаарынын Жол оңдоо мекемесинин башкы инженеримин деп тааныштырган Ниязбек Асанбаев «бул жакка бюджеттен 2,5 миллион сом бөлүндү. Жалпысынан
8 миллион сом болсо, толук бүтөт. Эми баштап жатабыз» деди. Демек, качан гана журналисттер кийлигишип, көзгө сайып көрсөтөрдө «мына оңдоп баштадык» деп калышат тура. Ушунусуна да шүгүр дей туралы.

Алмагүл Турдалиева
naryn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Kantemir
2012-09-25 12:59:56
Aлмагул айым, ошентип тез тез каттап текшерип турсанар,жакшы болмок. Силер кеткенден кийин ишти токтотуп дагы коюшу ыктымал. Рахмат.
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан