Ош облустук Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониясында эмгектенген «Step by step» бий тобунун түзүлгөнүнө быйыл 5 жыл толду. Аталган топ Ош шаарында өтүүчү маданий, саясий кечелерди ачып берип, мыкты пикирлерге арзып келет. Топ тууралуу анын негиздөөчүсү, КРнын Маданиятынын мыкты кызматкери Элдияр Кадыркулов менен маек курдук.
– Саламатсыңбы, Элдияр? Алгач топтун түзүлүү тарыхына токтолсоң...
– Саламатчылык. Жаш кезимден эле бийге аябай кызыкчумун. 9-класска чейин өзүм бийлеп, анан ыр дүйнөсүнө да кызыга баштадым. Үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу Ош шаарына көчүп келип калдык. Мектепте бийчи кыздарды бир сынакка даярдап жеңип алдык да, аларды шаардагы «Адеми» деген бий тайпасына алып барып, өзүм администратор болуп калдым.
2007-жылы Алматыга барып, «Виват» деген бий тобунун өнөрүнө күбө болгом. Алар да заманбап бийлерди бийлешчү. Ошондон улам «эмнеге бизде ушундай бий тобу жок?» деген ой келип, «бий тобун ачышым керек» деген ой пайда болду. Ошентип, 5 жыл мурун Акжол деген агамдын жардамы менен «Step by step» деген топ ачтык. Бул «кадам артынан кадам» деп которулат. Анткени дароо ийгиликке жетишпейсиң, кадамды арышташың керек. Анан ийгилик болот. Кызыктуу, өзгөчө угулгандыктан, жаштарга жагымдуу болсун деп англисче атаганбыз.
– 5 жылдан бери топтун курамы канча жолу жаңыланды?
– 4 жолу жаңыладык. Топко көбүнчө эркек балдарды алам. 1000ден ашуун жигит менен иштештик. Бизде бир бийде ондон ашык жигит бийлейт. Ошол себептен бир учурда эле топто 50дөй улан-кыз болот. Алгачкылардын ичинде өзүм да бийлеп, ырдап, клип да тарттырганбыз.
– «1000ден көп жигит менен иштештик» деп жатасың, топтон чыгып кетип өзүңөргө атаандаш топ түзгөндөр болгонбу?
– Мен андайларга уруксат берем. «Ачкыла, бирок ушул эле аталышыбыз менен» деп айтып келем.
– Сен үчүн бий – өнөр, таланттан сырткары акча табуунун жолу десек болобу?
– Акча табууга, элге таанылууга да болот. Бирок азыркы жаштар түрдүү жолдорго барып, ичкиликке, баңгизатка жана башка ушул сыяктуу терс сапаттарды өзүнө кабыл алып жатышат. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында ушул бий тобун түзгөнбүз. Бий – терең искусство. Анын түбүнө жеткен адам болгон эмес. Майкл Жексон да жетпей кете берди. Бий дүйнөсүнө аралашкан адам гана анын рахатын сезе алат.
– Ош шаарында зор жетишкендиктерге ээ болдуңар. Республикалык деңгээлге чыгууга эмне тоскоол болууда?
– Биз түзүлгөндөн бери Ошто канча сынак өтсө, баарында 1-орунду эч кимге берген эмеспиз. Бишкекте өткөн сынактарга да катышып калабыз. Жакында эле «Мен бийчи» эл аралык сынагына катышып келдик. Жарым финалды жеңип, финалда жеңилип калдык. Республиканын деңгээлине чыгууга тоскоол болгон нерсе – тайпадагы бийчилердин бат-бат алмашып кетип жатканы. Анан да чоң жоготуум Ош окуясында болду. Тайпадагы балдардын 70 пайызы ошол окуядан кийин Орусияга кетип калышты. Мага аябай оор болгон учур – ошол мезгил. Кайрадан түптөп жатабыз, буюрса, жакында койчу концертибизге чейин баары бүтүп калат.
– Кандай стилде бийлейсиңер?
– Биз, негизи, заманбап бийдин кыймылдарын улуттук бийге салып, синхрондо бийлейбиз. Бийдин түрү көп, бирок кандай бий бийлебейли, өзүбүзгө гана таандык стилибиз бар.
– Ийгилик жаратуу үчүн кандай эрежелерди карманасыңар?
– Биздин топто «барга көппөй, жокко чөкпөй алдыга кадам таштоо» деген мыйзам иштеп келет. «Жаштар суу сыяктуу, кайда бурсаң ошол жакка кетет» демекчи, барда көппөйбүз, жокто чөкпөйбүз. Негизги талабым, топтогу жигиттердин бири да ичип, чекпеши, түнкү клубдарга барбашы керек. Бизде бир туугандык сезим, ынтымак бекемделген.
– Топ ичинде атаандаштык болуп, чыр-чатактар чыгып турабы?
– Ооба, атаандаштык болбосо, өнүгүү болбойт да. Чыр-чатактар болуп турат. Бирок аны ошол учурда эле басып коёбуз.
– Араңарда «улуусу» жана «сулуусу» деген статустар барбы?
– Алгачкы уюшулган топто улуусу да, сулуусу да болгон. Аларга ашык болгон кыздар көп болчу. Күйөрмандарыбыз аябай көбөйгөн. Азыр деле Кудайга шүгүр.
– Сахнада бийлеп жатып кийимиңер жыртылып же жыгылып кеткен учурлар көп эле болсо керек?
– Андай ыңгайсыз жагдайлар көп болот. Биринин алаасы, биринин жакасы жыртылып кетип, кийин аябай күлгөн учурлар болгон. Сахна «Аватар» көркөм тасмасы өңдүү түркүн кызыктарга бай да...
– Бийлей бергиле талыкпай. Кызыктуу маек куруп бергениңе рахмат.
– Рахмат, сиздерге да.
Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg