Талас шаарына келгени айдоочулардын эрежени сактабаганына таң калдым. Түшүп бараткан машинабызды 2 ирет, мени 3 ирет сүзүп кете жаздады. Ушундан улам Талас облустук жол кыймылынын коопсуздук бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Төрөбай Бекбергеновдун иш бөлмөсүнө баш бактым.
– Айтсаңыз, жол кыймылын көзөмөлдөө абалы кандай?
– Бизде облус боюнча жол кыймылын көзөмөлдөөчү 32 кызматкер бар. Эгемендүүлүк алганга чейин 55тей кызматкер иштеген. Учурда да ушунча болушу керек эле. Мыйзам боюнча, ар бир 2-кызматкер бирден унаа менен камсыз кылынышы зарыл, бизде 8 гана унаа бар. 1 кызматкер 35 чакырым жолду көзөмөлдөшү керек деп көрсөтүлөт, бизде болсо 1 кызматкерге 90 чакырым туура келүүдө. Жол кырсыгына айдоочулар көбүрөөк күнөөлүү. Анткени кадимки жол эрежесин да сактаганды билишпейт.
Азыр той-аштын, түшүм жыйноонун, анын үстүнө окуу жылынын башталган убагы. Андыктан жолдо кыймыл өтө көп. Жол кырсыктарын алдын алуу үчүн Талас облусу боюнча кан жолдун боюнда жайгашкан ар бир мектептин жанында бирден кызматкерибиз эртең менен 7:30дан тартып 9га чейин, анан түш ченде, 2-смен башталарда да 1 саат 30 мүнөт туруп көзөмөлдөп жатышат.
– Түшүндүрүү иштерин чет айылдарга чейин жүргүзүп жатасыздарбы?
– Кызматкерлер жетишсиз болгондуктан, кан жол боюндагы айылдарда көзөмөл менен түшүндүрүү иштери көбүрөөк жүргүзүлүп, чоң жолдон чет, тоо боорлорундагы айылдарда азыраак жүргүзүлүп калууда. Бирок биздин аракеттен улам кырсыктар былтыркыга караганда азайганы статистикадан көрүнүп турат.
– Биздин байкашыбызча, жол боюна белгилер да илинген эмес...
– Туура, облус боюнча 655 жол белгиси жетишпейт. Талас шаарына 300, Талас району боюнча 190, Бакай-Ата боюнча 60, Кара-Буура боюнча 55, Манас районуна 50.
– Талас шаарында болгону 4 жол чырак болсо, алар да кээде иштебей калганына күбө болуудабыз. Эмне үчүн?
– Ооба. Жол чырактар болушунча эскирди. Аны оңдоп турууга бюджеттен акыркы убакта таптакыр акча бөлүнбөй калган. Эми гана жаңы мэрдин арты менен бул жааттагы көйгөйлөр чечиле баштады.
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg