КЫЗМАТЫ ЖЕҢИЛ, КИРЕШЕСИ КӨП – МЫШЫК ТАМЫР

МЫШЫК ТАМЫР ДЕГЕН ЭМНЕ?
Мышык тамыр (валериана) – тамыры кыска, сабагы түз, цилиндр сымал өсүмдүк. Гүлдөрү майда, жыттуу, сабагынын чокусунда кол чатырдай чоң топ гүлү бар. Май-июнь айларында гүлдөп, тамыры менен кошо жаз алдында же кеч күздө казылып алынат. Топурагын силкип, тезинен муздак cууга чайкап, жел жүрүп турган жерге илип коюп, андан кийин көлөкө жерде же кургаткычта кургатылат. Курамында эфир майы бар. Мышык тамырдын өзгөчө жыты эфир майына байланыштуу. Анын жытын мышыктар алыстан эле билип жетип келишет. Мышык тамыр организмге, нерв системине эс алдырма таасир берет. Ич түйүлгөндү жазат, ич көпкөндү токтотот, жүрөктүн иштешин борбордук нерв системи аркылуу жөнгө салат.

«Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында жашаган адамдар мышык тамыр өстүрүп киреше таап жатышат» деген сөздү кулагым чалган. Аталган айылга барып, «адамдан акыл качып кутулбайт» деген сөзгө дагы бир жолу ынандым. Дегеним, айрым айыл тургундары көп дартка даба болгон мышык тамырды айдап киреше табышат экен. Ысык-Көл боюнча бул өсүмдүктү айдагандардын саны 326 адамга жетиптир. Ал эми биз барган Маман айылында 20га жакын үй-бүлө мышык тамыр өстүрүшөрүн билдим. Бул жаатта чебер дешкенинен улам Ма­ман айылы­­нын тургуну

Дүй­шөналы Түкөбековго кайрылдым.

«МЫШЫК ТАМЫР МЕНЕН ЖАН БАГЫП КЕЛЕБИЗ»

– Саламатсызбы, сизди мышык тамырды мыкты өстүрөт деп уктук...
– Бул өсүмдүктү атам өстүрүп келген. Кийинки учурда аны эч ким айдабай, жокко эсе болуп калган. Атамдан калган үрөндөн мен бизнес баштадым. Ошентип, биздин үй-бүлө мышык тамырды айдаганыбызга он беш жылдын жүзү болду. Алгачкы жылдары аз гана жерге, чарбагыбызга айдап, анда да шартын билбегендиктен кеч жыйнап, үрөнсүз калган учурлар болгон. Айрым жылдары түшүмдү жыйнап алып Казакстанга чейин барып, сата албай убара болчубуз. Азыр болсо баары ойдогудай, башка өсүмдүктөргө караганда жумушу жеңилирээк, кирешеси дагы жогору. Өстүрүү шарты кадимки картошкага окшошуп кетет, сепкени, отоп, түптөгөнү. Бир эле көңүл бөлө турган жери, топуракка тамырын жайган соң жакшылап сугаруу керек. Сепкенден баштап бир айга чейин такай көзөмөлдөп, күн ысык болсо 10 күндө, салкыныраак болсо 15-20 күндө бир сугаруу талапка ылайык. Түшүмдүүлүгүн билүү эң жөнөкөй, канчалык жалбырагы көп болсо, ошончолук жакшы. Бир мышык тамырда аз дегенде 15 жалбырак болушу керек. Бышканда тамырын казып алып, ошол тамырларды сатабыз.
Сатуу тууралуу кеп козгой турган болсок, бүгүнкү күндө кардарлар өзүлөрү келип, ыңгайлуу баада сатып алышууда. Бишкектен, башка жерлерден да келишет. Арзан дегенде 1 килограммын 100 сомдон өткөрөбүз. «Жылына канча киреше табасыңар?» деп кызыккандар көп. Кандай болгон күндө да картошкага караганда көп киреше алып келери турган иш.
Төрт балам бар. Башка бизнестин түрүн билбей эле, мышык тамыр айдап жан багып келе жатабыз.

ДАРЫЛЫК КАСИЕТИ ЖОГОРУ
Сырдуу мышык тамырдын дарылык касиети тууралуу маалымат алууну көздөп, Караколдогу дары-дармек чыгаруучу ишкананын өкүлү Гүлайча Чолпонбаевага суроо салдык.

– Мышык тамырдын дарылык касиети жөнүндө айта кетсеңиз?
– Баарыңарга эле белгилүү болсо керек, мышык тамыр – кадимки эле биз колдонуп жүргөн валериана. Адам өтө кыжырланганда, жүрөк ооруганда жардамга келет. Курамында мышык тамыр бар бир нече дарылар бар. Бизде андан 3 түрдүү дары жасалат: кургак (таблетка), суюктук (сироп) жана тундурма (настойка). Жүрөк, баш оорусуна жана башка көптөгөн дарттарга даба боло алат. Жаш балдарга суюктук түрүндөгүсү жакшы жардам берет. Мышык тамырды 1999-жылдан бери дыйкандардан сатып алып иштейбиз. Бул сырьёну үч жыл мурун өзүбүзгө гана сатып алсак, азыр экспортко чыгара баштадык. Биздин максатыбыз – бул өсүмдүктү жогорку стандартка чыгаруу.

– Жогорку стандартка жетиш үчүн кандай чара колдонуш керек?
– Ал үчүн дарыны бүт технологиясы менен даярдашыбыз керек. Өстүргөндөн баштап жууганы, кургатканы, бүт бардыгы жогорку стандартта болушу зарыл. Эгерде кичинекей эле кемчилик кетсе, анда товарды өткөрө албай калуу коркунучу бар. Учурда мышык тамырды суу кезинде деле, кургатылганын деле сатып ала беребиз. Бирок бизге ыңгайлуусу – суу кезиндегисин алып, өзүбүз кургатып алганыбыз.

– Өзүбүз кургатабыз деп калдыңыз, ыкмаларын айтып бере аласызбы?
– Кургатуу алгач бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген. Азыр көнүп калдык. Көбүнчө электр энергиясын колдонобуз же болбосо көлөкө жерде кургатуу керек.
Бүгүнкү күндө сөз болуп жаткан мышык тамырды өстүрүү боюнча айрым райондордо окутуу иштери жүрүп жатканын угуп, чын-төгүнүн билүү үчүн «Агролет» коомдук бирикмесинин өкүлү Кайыргүл Казылаева менен кыскача маек курдук.
– Соңку үч жылдан бери мышык тамыр өстүрүүнү каалаган дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, сабак өтүп келе жатабыз. Башында үйрөнгүсү келгендердин саны аз гана болчу. Былтыркы жылды алсак болот. 2011-жылы 78 адам окуган болсо, быйыл алардын саны 300гө жетти.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aisam1221
2014-02-03 23:46:44
рахмат маалыматыныздар учун.Бизде да осот бирок даарылык касиетин билбейт экенбиз.Баардык даарылык касиети бар чоптор озубуздо экен турбайбы!
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан