СУУ ТОСМО КУРУЛУП, ЖАҢЫ КОНУШТАР СУУ КӨЙГӨЙҮНӨН КУТУЛАТ

Бишкек шаарынын четиндеги көптөгөн жаңы конуштарды таза суу менен камсыздоо бүгүнкү күндүн орчундуу көйгөйү болуп келет. Шаар мэри Иса Өмүркуловдун айтымында, 2 жылдан кийин бул маселе оң жагына чечилет. Тактап айтканда, калаа четине «Баш-Кара-Суу» деп аталган суу тосмо курулуу алдында турат. Мэриянын борбордун түштүк-батыш тарабындагы 5 гектар жер тилкесине аталган суу тосмону куруу долбооруна Бүткүл дүйнөлүк банк 320 миллион сом грант бөлүп бергенин айтат. Ал эми долбоор техникалык жана экологиялык экспертизадан өтүп, куруп бүтүрүү 30 айга пландалып жатканы белгилүү болду. Курулуш иштери тендер аркылуу утуп алган компаниянын колуна тапшырылат, тендер ушул жылдын 22-сентябрында өтөт. Бул суу тосмо курулуп бүтсө, Бишкектин батыш тарабындагы Ынтымак, Ала-Тоо, Ак-Ордо сыяктуу жаңы конуштардын 120 миңдей тургуну суу менен камсыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tendik
2012-09-24 19:35:31
Баракелде!!
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан