Чүй ОИИБнин Баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чарасын жүргүзүп, дагы бир мыйзамсыз баңгизатын сактоо фактысынын бетин ачты. Кылмыштын бетин ачууга Ысык-Ата райондук Баңгизатына каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү да катышты. 16-сентябрь күнү саат 19дар чамасында Новопокровка айылынан 37 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну кармалды. Аны жеке текшерүүгө алган учурда кийиминен кагазга оролгон 1 килограмм героин табылган. Бул иш боюнча Ысык-Ата райондук Ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери улантылып жатат.