Хонда үлгүсүндөгү унаа менен 7 жашар баланы сүзүп из жашырып кеткен адам 18-сентябрь күнү кармалганын Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди. Кырсык Ош-Бишкек автожолунда, тактап айтканда, Сосновка айылында болуп өткөн. Унаанын айдоочусу жабыркаган адамды ооруканага алпарып жардам көрсөтүүнүн ордуна окуя болгон жерден зуу койгон. Маалым болгондой, кырсыкка кабылган жаш бала денесинен түрдүү жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген.
Окуядан көп өтпөй Жайыл райондук ИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы тарабынан ыкчам иликтөө иш-чарасы жүргүзүлдү. Натыйжада баланы сүзүп из жашырган Талас облусундагы Бакай-Ата районунун 24 жаштагы тургуну кармалды. Учурда унаасы атайын айып аянтчасына токтотулуп, иш боюнча иликтөө иштери башталды.