Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 17-сентябрь күнү Аламүдүн районундагы Чоң Чүй каналына 2 жаш бала чөгүп кетти. Окуя саат 18ге жакын болуп, 2009-жылы туулган эгиз бир туугандар Алмаз уулу Бакдөөлөт жана Алмаз уулу Нурдөөлөт каналга чөгүп кетишкен.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Аламүдүн районундагы Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу барып, балдарды куткарып калууга аракет кылышкан. Издөө иштеринин жүрүшүндө балдардин бири табылып, экинчиси табылган эмес. 18-сентябрь күнү кайрадан ӨКМнын Суучулдарды даярдоо борборунан 3 суучул жана Аламүдүн райондук куткаруу кызматынан 5 адам болуп издөө иштерин улантышты.