3 КҮНДӨ 1000 ЖОЛ ЭРЕЖЕСИ БУЗУЛГАН

Акыркы жылдары жол кырсыктарынын саны кескин өсүп, буга айдоочулардын жол эрежесин сактабагандыгы башкы себеп болуп келет. Кечээ жакында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгы тарабынан Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча 3 күндүк рейд жүргүзүлдү. Бул 3 күндүн ичинде 1054 жол эрежесин бузуу фактылары катталды. Мындай иш-чара жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, аз да болсо кырсыктардын алдын алуу максатында уюштурулуп, жол эрежесин бузуулардын бардык түрүнө көзөмөл катуу жүрдү.
Алгачкы эки күндүн ичинде Кара-Балта, Токмок шаарларында 202 жол эрежелерин бузуу фактылары катталып, айдоочулар жек көргөн унаа токтотуучу жайга 76 унаа киргизилген. Мунун 43ү Кара-Балта шаарында, 33ү Токмок шаарында болгон. Иш-чаранын соңунда жол көзөмөлдөөчүлөр «Кара-Балта шаарынын көпчүлүк айдоочулары тийиштүү документтери жок унаа башкарып жүрүшөт» деген жыйынтыкка келишкен. Бул шаардан 37, Токмоктон 25 документсиз жүргөн унаа ээси кармалган.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Nurbek88
2012-09-28 08:13:55
айланайын айдочулар жол эрежесин бузбагылачы
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан