Дагы бир баңгизатына байланышкан ири кылмаштын бети ачылды. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкармалыгынын өкүлдөрү баңгизатын катып жүргөн шылуунду тузакка илди. «Притон» деп аталган текшерүү иш-чарасынын жүрүшүндө Шабдан айылынын Дойный-Гурт участкасында баңгизаттарды даярдоо менен шугулданып келген Чым-Коргон айылынын 32 жаштагы тургуну кармалган. Ал эми андан алынган кара куурайдын жалпы салмагы 1 тонна 150 килограммды түзгөн. Учурда соттук-экспертиза иштери дайындалып, бул фактынын негизинде Кемин райондук Ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Иликтөө аракеттери уланууда.