БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ МЕКТЕП КУРУЛДУ

Сүйүнүчтүү кабар! Баткен шаары жакында жапжаңы билим өргөөсү менен толукталат. Жаңы курулуп, ишке берилүү астында турган №3-мектеп Баткен мамлекеттик университетинин маң­да­йынан орун алган. Ал 3 кабаттан туруп, 600 окуучуга ылайыкташтырылган. Анда 34 мугалим эмгектенип, алардын экөө илимдин кандидаттары. Жаңы мектеп курулуштун да бардык талаптарына жооп берет.
Мектептин директору Мээринса Жапарова: «Шаардын калкынын саны өсүп, окуучулардын саны нормадан ашып кеткендиктен, жаңы мектеп куруу зарылчылыгы келип чыкты»,- дейт. Учурда салтанаттуу ачылыш аземине даярдыктар күчүндө. Мектептин лентасын айдын аягында Баткенге иш сапары менен келиши күтүлүп жаткан президент Алмазбек Атамбаев кесмекчи. Ылайым бул мектептен атагы алыска кеткен инсандар чыксын!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Juma1303
2012-09-24 16:02:17
ммм бир мектепке ушунчабы
-2
evgeniya
2012-09-25 01:10:15
Баткеним онугуп атат го ,алга !
0
happy90
2012-09-26 18:51:56
Август айында Баткен шаардык мэриясында практикада жургонумдо бул мектептин курулуп жатканына кубо болдум эле. Сооонун болуп бутуптур. Мыкты окуучуларды оз уясынан учура берсин!
0
Zulfiyanur
2012-09-27 15:59:43
Alhamdulillah!Allah Taala sanyn koboito bersin sapaty mn birge inshAllah..
0
№ 516, 21-27-сентябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан