«Эч ким эч качан унутулбайт» дегендей, 22-сентябрда Баткен шаарында мини-футбол боюнча өзгөчө бир мелдеш өтмөкчү. 15 команда катышуу тилегин билдирген таймаш Сейдакмат уулу Мирболоттун жаркын элесине арналып уюштурулууда. Мындай саамалыкты өткөрүүнү маркумдун достору көтөрүп чыгышкан. Бул мелдеш экинчи ирет өтүп жатат. Алгачкы жолкусунда Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы жеңүүчү аталса, уюштуруучулар болгон «Достор» командасы 2-орунду ээлешкен. Байгелүү орундарга кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар каралганын кошумчалап кетели. Сергек жашоого үндөгөн, достукту даңазалаган ушундай иш-чаралар көп болсо кана...