Жакында Башкортостандын Уфа шаарында түрк тилдүү элдердин «Тууганлык» театралдык фестивалы болуп өттү. Ага 14 өлкөнүн ичинде кыргыз театр өкүлдөрү да катышып келишти. Кыргызстандан барган делегациянын көпчүлүк бөлүгүн, тактап айтсак, 18 адам Баткен облустук Музыкалык театрынын өкүлдөрү түзүшкөн. Мекендештерибиз фестивалда көрүүчүлөрдүн назарына «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» драмасын коюп, кыргыздын театр искусствосун дагы бир ирет даңазалап келишти десек жаңылышпайбыз. Кошумчалай кетсек, облустук Музыкалык театрдын курамы 50дөн ашуун адамдан турат.