Кыргызда айрым каада-салттарыбыздын ашыкча чыгымдуу болуп жаткандыгы сөз болуп келет. Исфанада жалпыга жар салынбай эле, Аксакалдар сотунун, Аялдар кеңешинин демилгеси менен ашыкча салттарды чектөө боюнча жоболор иштелип чыкты. Бул тууралуу Исфана шаардык башкармалыгынын жооптуу кызматкери Мирбек Бабакулов маалымат таратты. Маалыматтарга таянсак, эми тойдо ичкиликке тыюу салынат. Үлпөттү коштогон автоунаалардын саны 4төн, тойдун убактысы 22:00дөн ашпашы керек. Ошондой эле тойго келгендер тойгончо жешет, анан «пакет операциясын» жасабай, үйлөрүнө нан салып кетишпейт.
Көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болуп жаткан мындай эрежелерди бузгандарга 200 миң сомдон 500 миң сомго чейин акчалай айып салынмакчы.